Кесиптеш кыз бассам-турсам оюман кетпей кууратты... Бүлөлүү эркектин каты

© Sputnik / Кирилл КаллиниковОфисные здания в Москве
Офисные здания в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш кызга ашык болуп калган бүлөлүү адамдын каты жарыяланды.

...Бүлөмдүн бузулушун каалабайм, андай оюмда да жок. Алганымдын, уулумдун, жаңы эле жарыкка келген кызымдын дайыма жанымда болушун ойлойм. Бирок кайдагы шайтан азгырды билбейм, жаш кызды жактырып калдым. Ашык болуп калдымбы же убактылуу нерсеби билбейм, бассам-турсам оюман кетпей койду. Аны менен сүйлөшкүм келет, баргым келет, чалгым келет. Жөн гана жанында отургум келет. Акылым "жөн" десе да, сезимдер алып-учуп айламды кетирди.

Город Париж - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
Жашым 40та. Жубайым экөөбүз 10 жыл мурда баш кошконбуз. 33 жашымда уулдуу болдук. Андан кийин келинчегим көпкө чейин төрөй албай жүрдү. Экөөбүз тең жакшы жерде иштейбиз. Жашообуз деле элден кем да, ашык да эмес, кудайга шүгүр. Уулубуз жетиге чыкканда аялым кош бойлуу экенин айтып кубантты. Кыз экенин укканда төбөм көккө жетип, өзүмдү аябай бактылуу сездим. Кызымдын жарык дүйнөгө келгенине үч ай болду. Бакытка балкып жүргөн учурда жашоомдо бир адам пайда болду. Болгондо да жаш кыз.

Ал кыз мени менен жумушта көптөн бери чогуу иштейт. Жумуштарын так аткарган кызматкер катары билчүмүн. Бир күнү жумуш кеч бүтүп үйүнө жеткирип барып калдым. Биздин райондо жашайт экен, таштай кеткем. Сүйлөшүп баратып, өзү тууралуу айтып калды. Ата-энеси каза болуп калганын, эки инисин өзү окутуп жатканын кеп кылды. Ага чейин аны байкачу да эмесмин. Эмнегедир ошол жолугушуудан кийин ага көңүл бура баштадым. Жан дүйнөсү башкача адам экен. Аядым, жардам бергим келди. Ошентип жүрүп жактыруу сезими пайда болду.

Үйдө жаркыраган аялым, көптөн күткөн кызым, уулум турса да тиги кыз оюман кетпейт. Кандайча болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Ага жазып, чалып сүйлөшкүм келет. Эки-үч жолу ал-абалын сурап смс жаздым. Жооп берген жок. Азыр мени көрсө алыстан айланып өтүп уялгансыйт. Байкайт окшойт. Бир ирет "мага жазбаңызчы" деди. Мен ансайын алып учуп... Буга чейин минтип бирөөгө көз арткан эмесмин. Анан калса жаш кыздар менен көңүл ачып кеткендерди сындачумун, сөкчүмүн. Азыр өзүмдүн башыма келди. 

Ара жолдо жүргөнүмө бир айдан өттү. Жакында эле аялым билип калыптыр. Тагыраагы, менин телефонуман тиги кызга жазгандарымды окуптур. Таарынып балдарымды алып эжесинин үйүнө кетип калды.

Кечирим сурадым, аны жакшы көрөрүмдү, бирок тиги кызды унута албай жатканымды, ортобузда эч нерсе болбогонун айттым. Аялымды да түшүнүп турам. Анын да жан дүйнөсүн булгадым окшойт. Бүлөмдүн бузулушун каалабайм, бирок тиги кыз да ойдон кетпейт. Кантип унутам?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Ар бир үй-бүлөдө кризистик этаптар болот. Бул этап жубайларга ар убакта келиши мүмкүн. Айрымдарына баш кошкон соң 2-3 жылдан кийин, кээ бирине орто куракта, башкалары улгайганда кабылышы ыктымал. Балким, сиздердин үй-бүлөгө бул этап эми келгендир. Бирок жаш эмес экенсиңер, эмоция, сезимдерге алдырбай бул кырдаалдан акыл калчап, керек болсо психологго кайрылып чыгып кетсеңер болот. Кырдаал абдан оор эмес, ошондуктан азыр туура чечим кабыл алыш керек. Кийин кеч болуп калат.

Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу
Жубайыңыз менен ортоңордо эмне болгонун катка толук жазган эмес экенсиз. Үй-бүлөдө бир нерсе болгон окшойт. Балким, жубайыңыз көңүлдү көбүрөөк балдарга буруп, сиз ошол нерсеге муктаж болгондурсуз. Ушул себептен да эркек башкага көз артышы ыктымал. Үй-бүлөмдөн ажырагым келбейт деп жатасыз. Чын эле ажырагыңыз келбесе, анда жубайыңыздан дагы кечирим сураңыз. Бүлөнү сактап калыш үчүн күч жумшаңыз. Анткени көп нерсе сизден көз каранды. Эки адам тең жооптуу. Бирок эркек чечкиндүү кадам жасаса, аялдар ага баш ийип кете берет. Аялыңыздын кетип калган деле жөнү бардыр. Түшүнүктүү, миң жакшы аял болсо да, күйөөсү башканы жактырып, анан "аны унута албайм" десе таарынат. Жүрөгү ооруйт, көңүлү калат, өзүн кемсинтет. Тиги кыз деле сизге жооп бербей качат экен. Жазганыңызга караганда, анын сизге сезимдери деле жоктой. Болгон күндө деле баары бир үй-бүлө, балдар сиз үчүн биринчи орунда турганы оң. Анын да жашоосун бузуп албаңыз, ошону ойлонуңуз. Жаш кызга жасаган мамилени андан көрө аялыңызга жасап, ага белек берип, көңүлүн алсаңыз. Ал сизге андан эки эсе жылуу мамиле, жакшы маанай тартуулайт.

Эгерде ар кандай ойлордон арыла албай, бир чечимге келе албай кыйналып жатсаңыз, психологго кайрылып, аны менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп көрүңүз. Сезимди жеңсе болот, бирок үй-бүлө, бактылуулук кайра табылбайт!

Жаңылыктар түрмөгү
0