00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
15:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Активное долголетие – как сохранить жизненную силу с помощью спорта
16:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Табигый жашаруу: Кымбат каражаттарсыз жаш жана сергек көрүнүү мүмкүнбү?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Монеты из желудка, новый эндоскоп и нехватка кадров: будни главного детского медцентра Кыргызстана
18:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
19:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Меняющие мир
Поисковики с Алтая и Кыргызстана восстанавливают судьбы солдат Великой Отечественной
20:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда мектептердин кышкы каникулун узартууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Ведомство каникулду узартуу жөнүндөгү чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде гана кабыл алынарын белгиледи. 2024-2025-окуу жылындагы кышкы каникул эки аптага созулат. Үчүнчү чейрек 13-январда башталат. Эске салсак, өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар көп катталгандыктан, соцтармактагылар каникулду узартуу керектигин жазып чыгышкан. Эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетектөөсү менен кеңешме дагы өткөрүлгөн. Анда өлкөдөгү абал тууруктуу деп бааланып, Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылган.
«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводунда дары-дармектердин алгачкы беш түрү чыгарыла баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 10-январда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилип жаткан «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды.Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 000 кутуга чейин чыгарууга мүмкүндүк берет. Белгиленгендей, учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштады. Дары-дармектер «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет жана «Эл Аман» дарыкана тармагында жеткиликтүү болот.
«Три Вершины» тоо-лыжа кластери жыл аягында ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти менен биргеликте «Жыргалан» туристтик шаарчасынын башкы планын иштеп чыкты. Долбоордун планына ылайык, 5, 4 жана 3 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, административдик имараттар, курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, балдарга арналган оюн-зоок борбору, бардык комплексти тейлөөчү техникалык имараттар, соода-оюн-зоок борборлору, боз үйлөрдөн жана глемпингден турган шаарчалар, мечит, сейил бак жана эс алуу зоналары, коноктор үчүн унаа токтотуучу жайлар курулат. Ал эми имараттардын жана курулуштар 6 кабаттан ашпайт.
Эгерде жаран ипотеканын акчасын үч ай бою төлөбөсө аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов Sputnik агенттигиндеги брифингде билдирди.Анын айтымында, батир кезекте турган кийинки адамга берилет. "90 күндүн ичинде биз кардар менен иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы боюнча үйдү алуу чечими чыгарылат. Кийинки кезекте турган адам МИКтин электрондук порталы аркылуу аныкталат", — деди Баясов.
Жаңылыктар түрмөгү
0