https://sputnik.kg/20200130/daryger-ehrkektin-ehmchek-ragy-tuuraluu-1046913228.html
Дарыгер эркектердин көкүрөк рагынын белгилерин айтып берди
Дарыгер эркектердин көкүрөк рагынын белгилерин айтып берди
Sputnik Кыргызстан
Илдетке 65 жаштан жогору курактагы эркектер, генинде мутацияны алып жүргөндөр, көкүрөк тушка нур терапиясын алгандар жана туугандары онкологиялык ооруга... 30.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-30T08:32+0600
2020-01-30T08:32+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103053/01/1030530146_0:0:5001:2813_1920x0_80_0_0_97f72a3a8244f20a8da025868a3dbf0b.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103053/01/1030530146_0:0:4437:3328_1920x0_80_0_0_64bb9121a355561d20d5d5b1f8491b66.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, дүйнөдө, басма сөзгө баяндама
коом, кыргызстан, дүйнөдө, басма сөзгө баяндама
Дарыгер эркектердин көкүрөк рагынын белгилерин айтып берди
08:32 30.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Илдетке 65 жаштан жогору курактагы эркектер, генинде мутацияны алып жүргөндөр, көкүрөк тушка нур терапиясын алгандар жана туугандары онкологиялык ооруга тушуккандар көп чалдыгышы мүмкүн.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эркектер арасында аялдарга салыштырмалуу эмчек рагы (төш безинин шишиги) чанда кездешет. Ага карабастан мырзалар дагы дарыгерге көрүнүп турууну унутпашы зарыл. Бул тууралуу маммолог Нэлли Федянина айтып бергенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, аялдар менен эркектердин көкүрөк рагы өтүшүп кеткенде симптомдору окшош болуп калат.
"Бездер шишип, үрптөрү ичке кирип, тери калыңдайт. Ошондой эле эмчектин учунан кан аралаш суюктук чыгып калат", — деди адис.
Илдетке 65 жаштан жогору эркектер, BRCA 1, 2 гениндеги мутацияны алып жүргөндөр, көкүрөк тушка нур терапиясын алгандар жана туугандары онкологиялык ооруга чалдыккандар көп кабылышы мүмкүн.
Дартты алдын алуу үчүн адис спорт менен машыкканга, толуп кетпегенге, ичимдиктен баш тартууга чакырды. Ошондой эле ички органдарды маалы менен текшертип турууну сунуштады.