Милиция: Токтогулда бир колун жаныбарлар жеп кеткен кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Эркин АлымбековУбийство в Бишкеке
Убийство в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция эркек киши өлтүрүлгөнүн аныктаган. Колго түшкөн шектүү күнөөсүн моюндап, таанышы менен чатакташа кетип бычак сайганын билдирген.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Токтогул районундагы трассадан кишинин сөөгү табылды. Маркумдун колун жаныбарлар жеп кеткенин Жалал-Абад облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аялдын өлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө оорукананын жанынан аялдын сөөгү табылды. Милиция жакындарын издөөдө
Кишинин сөөгү 17-январда болжол менен саат 16:00дө Токтогул — Терек-Суу (13-чакырым) унаа жолунан 300 метр алыстыктан табылган.

Жерине барган милиция маркумдун сол колун чыканагына чейин жаныбарлап жеп, кемирип кеткендигин аныкташкан. Ошондой эле денесиндеги жаракаттарды көрүшкөн. Кийинчерээк эркек киши 44 жашта экендиги белгилүү болгон.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 41 жаштагы шектүү кармалды. Ал 11-январда берки адам менен чатакташа кеткендиктен бычак менен сол капталына сайып жибергенин билдирген. Күнөөсүн моюндаган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0