00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коронавирустан 25 киши өлүп, Кытайдын 10 шаарына кирүүгө тыюу салынды. Азыркы абал

© AFP / Hector RETAMALРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорунун очогу болгон Хубэй провинциясындагы тогуз шаарга кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Вирустан каза тапкан 25 кишинин 24ү дал ушул провинциянын жашоочулары.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кытайда коронавирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 830га жетип, 25 киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазды.

Кечээ, 23-январда, Кытайда вируска чалдыккандарын саны 571 болсо, көз жумгандар 17 экендиги айтылган болчу.

Маалыматка ылайык, 25 кишинин 24ү Хубей, ал эми бирөө Хэбэй провинциясында каза тапкан. Учурда ооругандардын 177синин абалы оор.

Ошондой эле оорунун очогу болгон Хубэй провинциясына жана анын тогуз шаарына (Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин) кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул жактарда жалпысынан 29,2 миллион адам жашайт.

Министр здравоохранения КР Космосбек Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Министр Чолпонбаев кытай элчиси менен жолугуп, коронавирусту талкуулады
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жакынкы убакта Кытай менен кайрадан коронавирус тууралуу маселени талкуулоону пландап жатканын айтты.

Ушул тапта вирус Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетип, 1-2ден бейтап ооруп жатат. Ошондой эле Улуу Британияда тогуз киши коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдөн өтүүдө. Буга чейин Россияга барган үч кытай жараны да текшерүүдөн өтүп, кадимки сасык тумоо менен эле ооруп жатканы аныкталган.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Аталган оору тууралуу жана аны кантип алдын алуу керектиги жөнүндө Sputnik даярдаган материалдан кеңири маалымат алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0