https://sputnik.kg/20191227/ehlektr-ehnergiya-akysyn-ehrterehehk-tologulo-1046625351.html
"Түндүк электр" электр кубатынын акысын алдын ала төлөөгө чакырды
"Түндүк электр" электр кубатынын акысын алдын ала төлөөгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
Электр кубатына төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" терминалдарынан, "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргыз почтасы", "Айыл... 27.12.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-12-27T11:09+0600
2019-12-27T11:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103852/26/1038522676_0:245:4800:2945_1920x0_80_0_0_c5d16f555a798299470144e27ceb787e.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103852/26/1038522676_528:0:4800:3204_1920x0_80_0_0_98b846a3c2fa51d6ad5c274bdaba5739.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "түндүк электр" ишканасы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "түндүк электр" ишканасы
"Түндүк электр" электр кубатынын акысын алдын ала төлөөгө чакырды
11:09 27.12.2019 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Электр кубатына төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" терминалдарынан, "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргыз почтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан" банктарынын кассаларынан да жүргүзсө болот.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы кыргызстандыктарды электр энергия акысын эртерээк төлөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, электр энергиясынын төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөн абоненттердин жарыгы дароо өчүрүлөт.
"Жаңы жылда жана 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күнү жарыксыз калбаш үчүн электр энергиянын акысын алдын ала төлөп коюңуздар. Электр энергияга болгон төлөмдү Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан тейлөө борборунан жүргүзсө болот. Андан сырткары, Quickpay, Pay24, UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" терминалдарынан, "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргыз почтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан" банктарынын кассаларынан да төлөө мүмкүн. Бул учурда электр энергия эсептери тууралуу билдирме "Түндүк электр" ишканасынын базасына ошол замат түшөт", — деп жазылат маалыматта.
Өз убагында акы төлөбөгөн "акылдуу" эсептегичтерге кошулган керектөөчүлөрдүн жарыгы "Түндүк электр" ишканасынын серверине билдирме келген соң гана күйгүзүлөт.