БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда болгон эки өрт чоң адам менен кичинекей кыздын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи өрт кечээ, 23-декабрда, саат 6.30да Кант шаарындагы Западная көчөсүндө болду. Турак үйдө 25 чарчы метр аянт күйүп, ичинде калган 51 жаштагы жаран көз жумду. Өрттүн себептери такталып жатат.
Экинчи каргашалуу окуя Жалал-Абад облусунун Казарман айылында катталды. Саат 18.30да Казымбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде парда күйүп, жыйынтыгында алты жашар кыз чарчап калды. Өрт электр буюмдарын туура эмес колдонуунун кесепетинен келип чыккан.