https://sputnik.kg/20191212/bishkek-miliciya-kyz-adamga-bychak-shiltoo-1046490598.html
РИИБ: Бишкекте чогуу жашаган адамына бычак урду деп 24 жаштагы келин кармалды
РИИБ: Бишкекте чогуу жашаган адамына бычак урду деп 24 жаштагы келин кармалды
Sputnik Кыргызстан
Укук коргоо органдары издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы А.Ж. аттуу келинди кармап, убактылуу тергөө абагына киргизген. Ал бирге жашаган адамы менен... 12.12.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-12-12T10:13+0600
2019-12-12T10:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103962/27/1039622744_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_79fdb93a307e2a4f42da6723fa1a4538.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103962/27/1039622744_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_7e9cb4b20191007993ac84bef41decbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, бишкек
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, бишкек
РИИБ: Бишкекте чогуу жашаган адамына бычак урду деп 24 жаштагы келин кармалды
10:13 12.12.2019 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Укук коргоо органдары издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы А.Ж. аттуу келинди кармап, убактылуу тергөө абагына киргизген. Ал бирге жашаган адамы менен чатакташа кеткен.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Милиция өзү менен бирге жашаган адамына бычак урду деп шектелген келинди колго түшүрдү. Бул туурасында Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, бычак жеген бейтап тууралуу маалымат милицияга 10-декабрь күнү саат 13:50дө Улуттук госпиталдан түшкөн. Анда Т.А. аттуу эркек кишиге "теринин үстүнөн кесилген жаракат" деген диагноз коюлганы белгилүү болгон.
Натыйжада Октябь райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу бейтапка аны менен чогуу жашаган кыз бычак шилтегенин аныктаган. Алардын чатакташа кеткени белгилүү болгон.
Милиция издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы А.Ж. аттуу келинди кармап, убактылуу тергөө абагына киргизген.
Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор залакка келтирүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.