"Норманд форматындагы" жолугушууга келген Украина делегациясына, президент Зеленскийдин кыймыл-аракетине жана анын оппоненттерине көз салуу абдан кызык болду. Делегация кырдаал-шарттан канааттанып, жайбаракат жүргөнү байкалды. Зеленский өзүнүн улутчул-демократтарын эсинен чыгарган жок. Киевдеги радикалдар "багынып берүү шермендечилигин" болтурбай токтотуп калууга аракет кылышпады беле.
Капитуляция тууралуу айткандары аша чаап кеткендей болду. Азырынча Украина моюн толгоого, каршылык көрсөтүүгө жандалбастап жатат. Ал эми иш жүзүндө Зеленский Минск макулдашууларына эч кандай альтернатива жок экенин таанууга аргасыз болду. Ошондо да кийинки жолугушууда өз билгенин бербей көпкө чейин салгылаша турганын кыйытып өткөн жайы бар. Ал эми шермендечилик тууралуу айтылгандын жөнү бар окшоп калды.
Москва, Берлин жана Париждин тилектештиги
Албетте, бул кечээ башталган окуя эмес. "Минск шермендечилигинин" ачуу даамын Петр Порошенко да таткан. Бирок анда бул анчейин көзгө урунган эмес. Биринчиден, Порошенко Минск макулдашуусуна кол коюп жаткан маалда Украина армиясы толук талкаланып бүткөн, майдан тарапташтарынын ичинде дүрбөлөң башталып кетиши толук мүмкүн болчу. Анда жок дегенде колдо бар нерсени сактап калуу же баарынан ажыроо деген тандоо турган.
Экинчиден, ал убакта Париж менен Берлин Украина тарапта болуп, бардык жагынан колдоо көрсөтүп турган. Порошенко келечекте бул макулдашууну кайра карап же өзү билгениндей чечмелеп алам деген ишенимде эле.
Өлкөнүн ички көйгөйүн кантип чечүү керектигин тышкы күчтөр айтып турган кырдаалдын түзүлүшүнө Украинанын өзүнүн күнөөсү көп экенин дагы бир ирет айта кетели. Киев "норманд форматында" союздаштары менен бирге болуп, Россияга кысым көрсөтөм деп ойлогон. Бирок алар Россия менен каршылашуунун куну кымбат болорун тез түшүнүштү. Зеленскийдин дипломаттары менен бюрократтары "норманд форматынын" жолугушуусунда "таптаза президент" экенин айтып, "коррупционер Порошенко" кол койгон Минск макулдашуусун кайра карап чыгууну каалай турганын айтса эле Франция менен Германия жантыгынан жата калып Украинаны колдойт деп кулагына кумдай куюшкан окшобойбу. Ал эми иш жүзүндө Меркель менен Макрон Россиянын позициясын колдоп тим болбостон, Украинага Путинден да өтүп басым жасашты.
Радикалдардын "барымтасында калган" Зеленский
Албетте, "мындай форматтын бизге кереги жок" деп эшикти тарс жаап кетсе деле болот. Бирок "норманд форматы" эл алдында бетке кармаган, Украина менен Европаны байланыштырып турган акыркы кыл көпүрө. Эгер калкка туурасын айтып, Европа (мында Германия менен Франция) чүкөсүн Россия тарапта ойной турганын жаап-жашырбаса, эл ичинде "Европа сатып кетсе", "кең келечек күтпөсө", анда кайсы максат үчүн адамдар өлүп, мамлекет менен коом, экономика кыйрады деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Украина эч качан Евробиримдикке кирбейт, украиналыктар немистердей болуп эч качан жашабайт.
Майдандын тарапташтары ушу кезге чейин лидерлеринин көп кылыктарын көз жаздымда калтырып келди. Жакын арада Евробиримдикке киребиз да, болгон-бүткөн көйгөйдүн баары чечилет деген үмүт менен жашашты. Көрсө, эч нерсе боло да элек экен, көйгөйдүн баары алдыда окшобойбу.
Ушунун баарын биз Париж жолугушуусунда көрдүк. Албетте, мындай шартта анын ийгиликтүү болору күмөн эле. Зеленский Минск макулдашуусун азыр аткарам деген күндө да анте албайт болчу. Анда Украинага келери менен ал убададан тайып кетмек же Киевдеги радикалдар анын өзүн жоготмок.
Жыйынтык болобу деги?
Парижде талкууланган газ маселеси деле Минск макулдашуусунан ашып кеткен жок. Германия эле эмес, Франция да Россияны колдоду. Киев да оюнан кайткан жок, бирок ишене турган нерсеси да жок — Европа транзитти камсыздоону талап кылып жатат. Зеленскийге кичине убакыт беришти. Эгер Украина президенти Минск макулдашуусун аткарууга ынтызарлыгын билдире турган болсо, "норманд форматы" боюнча жолугушуу төрт айдан кийин болот. Киевдин Россия газын Евробиримдикке жөнөтүүнү камсыз кылуу жөндөмүнөн кийинки жолугушуу тууралуу маселе көз каранды. Алгачкы жыйынтыкты Украина жаңы жылга чейин бериши керек. Жетишсе болот, бирок Киев ага барабы?
Менимче, Зеленский "норманд форматынын" талаптарын аткарууну же өзүнүн радикалдары менен каршылашууну тандап алышы керек. Бирок кандайдыр бир тандоо жүрө турганынан да күмөнүм бар.