00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түндө Парижде Донбасс тагдыры чечилип. "Норманд төрттүгү" саммитин жыйынтыктады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина во Францию
Рабочий визит президента РФ В. Путина во Францию  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар чыр-чатак болуп жаткан аймакта жыл соңуна чейин согуш отун токтотууну сүйлөштү. Андан сырткары, туткундарды алмашуу жүрөрү, Минскидеги келишимдер кыйшаюусуз аткарылышы керектиги айтылды.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Акыркы үч жылдан бери ошентип "норманд жолугушуусу" өттү. Саммит Владимир Путин менен Владимир Зеленский таанышкан аянтча да болуп калды. Ал 1,5 саатка чукул созулуп, ичинде Россия менен Украина башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүсү да болду. РИА Новостинин төмөнкү материалында саясатчылар Украинадагы абалды жакшыртуу үчүн эмнени сүйлөшкөнү айтылган.

Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү 1 саат 20 мүнөткө жакын созулду.

"Норманд төрттүгүнүн" президенттери Владимир Путин, Ангела Меркель, Эммануэль Макрон жана Владимир Зеленский Францияда өткөн саммиттин жыйынтыгында коммюнике кабыл алышты.

"Штайнмейр формуласы"

Коммюникеде Украина мыйзамдарын "Штайнмейр формуласы" менен бириктирип, "Норманд форматына" жана Байланышып турган үч тараптуу топко ылайыкташтыруу туурасында айтылган.

Церемония прощания с Жаком Шираком - Sputnik Кыргызстан
"Россия Франциянын аймагынан Европага чабуул койду". Өч алмайбы?
"Штайнмейр формуласы" — Донецк жана Луганск облустарынын бир катар райондорунда өзүн-өзү башкарган жергиликтүү органдын өзгөчө тартибин аныктаган мыйзамдын ишке киришин аныктайт. Ал шайлоо болгон учурда жана дайымкы негизде колдонулушу керек. Бул ЕККУнун шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки учуруна туура келет.

Формула макулдашылгандан кийин Украина борборунда жана бир катар шаарларда Киевдин мындай чечимине каршы митингдер өттү. Зеленский жарандардын нааразылык көрсөтүүгө болгон укугун сыйларын айтып, элди анткен менен бир катар саясатчылардын чагымына алданып калбоого чакырды.

Президенттер Үч тараптуу байланыш топторунун Донбасс менен чектешип турган аймактарды бойлой кеткен сызыкка жаңы өткөрүү жайларын 30 күндө ачуу боюнча макулдашуусун колдоду.

Путин "бул аймакта жашаган элдин, миңдеген, жүздөгөн карапайым адамдардын ээн-эркин, ыңгайлуулуктары менен, сааттап кезек күтпөй өткөн көзөмөл-өткөрүү жайларынын ачылышына" көңүл бурган.

"Норманд төрттүгүнүнө" кирген өлкөлөрдүн башчылары Украинанын чыгыш аймагындагы согуш отун өчүрүү маселесинин жыл соңуна чейин чечилишине ыктап тургандыгын билдиришти.

Украина башчысы Владимир Зеленский Парижде жетишилген макулдашуунун аткарылышын аткарууга макул экендигин айтты.

"Тараптар макулдашылган маселелерди аткарууга ыктайт деген үмүт бар. Биз өз тарабыбыздан келишимдерди аткарууга даяр экенибизди айтабыз, бирок бул эки тараптуу кыймыл эмеспи. Бүгүн чечилбей дагы көп маселелер калды. Муну келечекте сөзсүз жасайбыз", — деген ал.

Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео
Зеленский, мындан тышкары, Путин менен газ транзити боюнча маселелерди талкуулагандыгын жана бул суроонун башы ачылгандыгын айтты. Транзитти улантуу, анын көлөмү, сордуруп чыгуунун наркы сыяктуу маселелер кеңешчилердин деңгээлинде талкууланат.

Ал Россия газынын транзити боюнча келишим 1-январдан кийин уланышы мүмкүн экендигин айтты. Бул жерде кеп аталган продукциянын 10 жылдык мөөнөткө берилип тура тургандыгы боюнча жүрүүдө. Путин эгерде эки тарап өз ара келишимге жетсе, Украина үчүн Россия газы азыркыга караганда 25 пайызга арзан болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Украинадагы орус тили

Путин Москва Украинадагы калктын орус тилдүү бөлүгү демократиялык укуктарын теңдик менен пайдалануусун каалай тургандыгын айтты.

"Украинадагы калктын 38 пайызы өздөрүн орус тилдүү деп эсептешет. Келерки жылга чейин орус тилдүү бардык мектептер украин тилине өтө турганы маалым", — деди Путин.

Минск макулдашуусу

Путин Донбасс боюнча Минск макулдашуусун көчүрүп албаш керектигин, болбосо бардыгын жоготуп алып, эч нерсе жасай албай калган абал түзүлүп каларын айтты.

"Минск макулдашуусун ачып, аны кайрадан көчүрүп алуунун эмне кереги бар? Ал жерде ар бир пункт бири-бирине байланышып турат. Эгерде бир эле пунктун ачсак, калгандарын да көчүрүп алуу башталат, анын кесепетинен баарын жоготобуз да, эч нерсе жасай албай калган кырдаалды түзүп алабыз", — деген ал.

Президент РФ В. Путин на саммите БРИКС в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Трамп, Зеленский, Сирия тууралуу. Путиндин BRICS саммитинен кийинки ою
Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү "норманд форматы" саммитинен кийин болду. ЖМКлардын көңүлү дал ушул жолугушууга бурулду. Президенттер буга чейин бир да ирет жолукпай, телефондон бир нече ирет сүйлөшкөн.

Төрт мамлекет — Россия, Франция, Германия жана Украина лидерлеринин сүйлөшүүсү Штайнмайердин Киев формуласын кабыл алгандан кийин ишке ашты. Ал Луганскийдин Станица районунда, андан сырткары, Золотое жана Петровское поселокторунда күчтөрдү ажыратып кетүү маселесинен кийин болгон.

Аталган өлкөлөрдүн жетекчилеринин биринчи жолугушуусу 2014-жылдын 6-июнунда болуп, кийин "норманддык" деп атала баштаган. "Квартеттин" маанилүү жолугушуусу 2015-жылдын февралында Минск шаарында болуп, анда Минск келишими бекитилген.

Саммиттин иш уланып, кийинки жолугушуу төрт айдан кийин болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0