Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү

© Фото / Гульмайрам УчугеноваНарын облусунун Ак-Талаа районунда жашаган Исаевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн үч эм. Архив
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жашаган Исаевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн үч эм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир учурда, бир көз ирмемде, бир саамда үч же төрт баланын энеси болуу оңой эмес, бирок чоң бакыт эмеспи. Бул — ата-эне үчүн эле эмес, өлкө үчүн да жаңылык, кубаныч.

Кечээ Бишкек шаарында 35 жаштагы келин үч эм төрөп, кыргызстандыктарды кубантты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жыл ичинде өлкөдө жетинчи ирет үч эм төрөлүп жатыптыр.

Кубанычтуу кабарды утурлай Sputnik агенттиги Кыргызстанда үч жана төрт эм балдар тууралуу материал даярдады. Кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева айрымдары менен байланышып, балдарынын ал-абалын сурады. Бактылуу энелер үч-төрт эмдин энеси болуу бакытын, түйшүгүн айтып беришти.

Зарнаевдердин үйүнө бакыт тартуулаган төрт эм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2015-жылдын 9-апрелинде Нурлан Зарнаев менен келинчеги Гүлайымдын үйү бакытка бөлөнгөн.
Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
2015-жылдын 9-апрелинде Нурлан Зарнаев менен келинчеги Гүлайымдын үйү бакытка бөлөнгөн.

2015-жылдын 9-апрелинде Нурлан Зарнаев менен келинчеги Гүлайымдын үйү бакытка бөлөнгөн. Бул күнү жарыкка келген төрт эм, жубайларды жети уулдуу кылган. Анткени төрт эмге чейин алардын үч эркек баласы бар болчу. Ошол кезде өлкөнү башкарып тургандардын атынан коюлган Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек, Камчыбек азыр төрт жашта. Апасынын айтымында, төртөө тең тентек, шок.

"Буюрса, чоңоюп калышты. Төртөө тең тентек. Бири-бирине абдан атаандашат. Оюнчуктары же кийимдери окшош болбой калса чырдашат. Камчыбек менен Алмазбек мага, ал эми Асылбек менен Кубанычбек атасына жакын", — деди энеси.

Төрт эм төрөлгөндө, 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Зарнаевдерге эки бөлмөлүү батир белек кылган.

Бир убакта төрт балалуу болгон жаш үй-бүлө

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАзамат Сманов жана Нурайым Рысмат кызы төрт жылдан бери бала жытына зар болуп, акыры 2018-жылдын 25-февралында төрт эмдин бактылуу ата-энеси болушкан.
Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Азамат Сманов жана Нурайым Рысмат кызы төрт жылдан бери бала жытына зар болуп, акыры 2018-жылдын 25-февралында төрт эмдин бактылуу ата-энеси болушкан.

Азамат Сманов жана Нурайым Рысмат кызы төрт жылдан бери бала жытына зар болуп, акыры 2018-жылдын 25-февралында төрт эмдин бактылуу ата-энеси болушкан. Бир уул, үч кызды Нурайым Рысмат кызы 27 жашында төрөгөн.

Бөбөктөрдүн чоң энеси эркек небересинин ысымын ырым кылып азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атынан койгон. Кыздардын аттары Арууке, Акбермет, Айчолпон. Төрт эмдин энеси менен байланышканыбызда балдары аман-эсен чоңоюп жатканын айтты.

Четверняши Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек и Камчыбек с братьями и мамой - Sputnik Кыргызстан
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү
"Төрт баланы багуу оңой эмес, түйшүк көп. Бирок бир күлгөндө эле анын баарын унутуп коёсуң. Балдарды багууга апаларым, жолдошум жардам берет. Биз азыр экинчи кабатта жашайбыз да, сейилдөөгө чыгардын алдында колясканы эки киши түшүрөбүз. Анан эки-экиден балдарды сыртка алып чыгабыз. Ошентип сүтүн берип, кийинтип, аларды сыртка алып чыкканга чейин эле чарчап кетебиз. Бирок мен үчүн мындан өткөн бакыт жок", — деди Рысмат кызы.

Ымыркайлар жаңы төрөлгөндө мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков аларга турак жай алуу үчүн 2 миллион сом бөлсө, өкмөт үй-бүлөнүн кем-карчына деп 150 миң сом берген. Жаш үй-бүлө жакында эле жаңы батирине көчүп барышканын айтты.

Үч эмди жалгыз баккан Бактыгүл

© Фото / из личного архива Бактыгуль КамчыбековойБактыгүл Камчыбекова 23 жашында эки кыз, бир уулдун бактылуу энеси болгон.
Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бактыгүл Камчыбекова 23 жашында эки кыз, бир уулдун бактылуу энеси болгон.

Бактыгүл Камчыбекова 23 жашында эки кыз, бир уулдун бактылуу энеси болгон. Тилекке каршы, үч эм жарыкка келгенде атасы аларды колуна алган эмес. Себеби күйөөсү келинди кош бойлуу кезинде эле таштап кеткен. Анткен менен Бактыгүл үч баласын өзү жалгыз, тың эле карайт. Батирде турса да, балдарын таза кармап, эч нерседен кем кылбай келет. Буга чейин бул үй-бүлө тууралуу Sputnik агенттиги материал даярдаган. Андан бери эки жыл өтүп, мотурайган балдар төрткө чыгыптыр.

"Үчөө кээде бир нерселерди талашып урушат, бирок бат эле жарашып алышат. Азыр тилдери чыгып, "апалап" артыман калбай жүрүшөт. Аларды эч нерседен кем кылбай чоңойтууга аракет кылып жатам. Кошунамдын балдарын карайм, ошол кызматым үчүн акы алып, балдарымды багып жатам. Көп деле кейибейм, башкысы балдарымдын амандыгы", — деди Камчыбекова.

Кырктын кырында үч эмдүү болгон акталаалык Исаевдер

© Фото / Нурзада МукашеваКырктын кырында үч эмдүү болгондор да жок эмес. Алардын катарында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Айгүл Чотурова да бар.
Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырында үч эмдүү болгондор да жок эмес. Алардын катарында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Айгүл Чотурова да бар.

Кырктын кырында үч эмдүү болгондор да жок эмес. Алардын катарында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Айгүл Чотурова да бар. Жолдошу экөө учурда сегиз баланын бактылуу ата-энеси. Үч эмге чейин алардын беш баласы бар болчу. "Ар бир баланын өз ырыскысы болот" дегендей, үч эмдүү болгондон кийин бул бүлөгө экс-президент Алмазбек Атамбаев үй белек кылган.

Андан тышкары, эки уй жана 10 баш кой сатып алуу үчүн 150 миң сом тапшырган.

22 жылдан кийин үч эмдүү болгон бүлө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков22 жылдан бери бала жытына зар болгон эне 45 жашка келгенде, 2018-жылдын 4-майында үч эм төрөгөн.
Мотурайып кучакташкан үч-төрт эм балдар. Бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлөрдүн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
22 жылдан бери бала жытына зар болгон эне 45 жашка келгенде, 2018-жылдын 4-майында үч эм төрөгөн.

Кара-Балта шаарынын тургуну Чынара Исманованын ошол кездеги бактылуу көз ирмемдерин, кубанычын айтып берүү мүмкүн эмес. 22 жылдан бери бала жытына зар болгон эне 45 жашка келгенде, 2018-жылдын 4-майында үч эм төрөгөн.

"22 жаштагы кызым бар. Ошондон бери балалуу боло албай жүргөнбүз. Кудайдын көзү түз экен, бир эмес, үч балалуу кылды. Бакыт деп ушуну айт", — дейт Исманова.

Наристелер азыр бир жаштан ашып, ата-энелерин кылыктары менен кубантып жаткан кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0