Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековЧетверняши Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек и Камчыбек с братьями и мамой
Четверняши Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек и Камчыбек с братьями и мамой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы Бишкек шаарында Нурлан Зарнаев менен Гүлайым Абдылдаева төрт уулдуу болгон. Бүгүн, 9-апрелде, ошол төрт эм төрт жашка чыкты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Зарнаевдердин үйүнө барып, бөбөктөрдөн кабар алып келди.

Алар учурда Тунгуч кичирайонундагы бакчага барып жаткандыктан, алгач биздин каармандар менен ошол жерден жолуктук.

© Sputnik / Табылды КадырбековСолдон оңго — Асылбек, Алмазбек, Камчыбек жана Кубанычбек
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Солдон оңго — Асылбек, Алмазбек, Камчыбек жана Кубанычбек

Эске салсак, 2015-жылы апрелдин башында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм уул төрөгөн. Ымыркайларга Алмазбек (президенттин урматына), Асылбек, (ЖКнын ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун урматына), Кубанычбек (Бишкектин ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматовдун урматына) жана Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин урматына) деген ысымдар ыйгарылган. Алардын салмагы 2 кг. 80 гр., 2 кг. 270 гр, 1 кг. 770 гр. жана 2 кг 591 гр. эле.

Мындан эки жыл мурда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бөбөктөр 2,5 жаш мезгилинде барып, видеого тартып келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековБакчага бөбөктөрдүн энеси Гүлайым Абдылдаева менен алардын агасы Нурсултан жардамчы катары кошо келди
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Бакчага бөбөктөрдүн энеси Гүлайым Абдылдаева менен алардын агасы Нурсултан жардамчы катары кошо келди

Бакчага бөбөктөрдүн энеси Гүлайым Абдылдаева менен алардын агасы жардамчы катары кошо келди. Бул күндөгү адат болуп калган иши. Себеби беш балага бир адамдын ээ боло албасы турган иш эмеспи. Төрт эмден сырткары алардан бир жаш улуу агасы Элхан да бала бакчада.

Бакчадан алардын кайткан процесси да канчалык жоопкерчиликтүү экендигине күбө болдук.

Бөбөктөр биринен-бири өтө чуркап, жол боюндагы темир торлорго чыга калып, бордюрдун үстүн кырдай чуркап, акырында көлчүктөгү сууну чалпылдата кечип өткөнгө жетишти.

© Sputnik / Табылды КадырбековБакчадан бөбөктөрдү алып кетиштин өзү канчалык түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экендигине күбө болдук. Эң алдыда оозуна конфет тиштеп келе жаткан – Элхан
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Бакчадан бөбөктөрдү алып кетиштин өзү канчалык түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экендигине күбө болдук. Эң алдыда оозуна конфет тиштеп келе жаткан – Элхан

"Бир нече күндөн бери өзүм басам, жетелебе дегенге өтүштү. Колунан кармап же жандай баспасаң таппай каласың. Бекем кармап алсаң, чырылдап чатак салат. Ошентип "өз алдыбызча" болуп жатабыз", — деп жылмайды Гүлайым Абдылдаева.

Бул картинаны сырттан байкап турган киши эненин эки баланы эки колуна жетелеп, алдындагыларды тескеп бара жатканын, ал эми 14 жаштар чамасындагы өспүрүм окшош кийинген эки кичинекейдин артынан чуркап жүргөнүн көрүүгө болот эле.

Ара-чолодо балдардын энеси Гүлайым Абдылдаеваны кепке тарттык.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖети уулдун энеси Гүлайым Абдылдаева ишке чыгууга камданып жаткандыгын айтты. Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда лабораториянын адиси
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Жети уулдун энеси Гүлайым Абдылдаева ишке чыгууга камданып жаткандыгын айтты. Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда лабораториянын адиси

Учурда бөбөктөр бакчага баргандан тарта керектүү документ иштерин учурунда бүтүрүп, эки жакка чыгып, андан-мында конокко барууга жетишип калгандыгын айтты.

"Буюрса, чоңоюп калышты. Көрүп турганыңыздардай, төртөө тең тентек. Бири-бирине абдан атаандашат. Оюнчуктары же кийимдери окшош болбой калса чырдашат. Камчыбек менен Алмазбек мага, ал эми Асылбек менен Кубанычбек атасына жакын", — деди энеси.

Апасынын айтымында, балдар эмитен кезек күткөндү өздөштүрүп баштаптыр. Бул өзгөчө мультфильм көргөндө байкалат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда Нурлан менен Гүлайым жети уулду тарбиялап жатат. Экөө мектеп жашында.
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Учурда Нурлан менен Гүлайым жети уулду тарбиялап жатат. Экөө мектеп жашында.

"Төртөө төрт башка мультфильмди жактырат. Бирок алар баары бирдей учурда көрө албастыгын билип калышты. Ар ким каалаган фильмин көрүүгө болорун, бирок кезек менен экенин түшүндүрдүк. Азыр кезек күткөндү үйрөнүштү. Өзүнүн кезеги келмейин, чыдап күтүп отурушат", — деди энеси.

Учурда Абдылдаева ишке чыгууга камданып жаткандыгын айтты. Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда лабораторияда адис болуп иштеген.

Айтмакчы, төрт эмдин, дээрлик бешинчиси да бар. Тагыраагы, ал эгиздерден бир жыл мурда жарыкка келген Элхан. Ал жогоруда айтып өткөндөй, бакчага Зарнаевдердин бүлөсүнөн бешинчи бөбөк болуп барат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБакчадан чыккан балдар
Төрткө чыккан төрт эмдин энеси: чырдашат, бирок кезек күткөндү үйрөнүштү - Sputnik Кыргызстан
Бакчадан чыккан балдар

Учурда Нурлан менен Гүлайым жети уулду тарбиялап жатат. Экөө мектеп жашында.

Гүлайым Абдылдаевага балдарды, өзгөчө төрт эмди багуунун түйшүгү туурасында суроо узаттык.

"Мурда жөн эле бала бактым деп жүрүптүрмүн. Төрт эмден кийин бир наристени чоңойтуу мага анча деле түйшүктүү болбой калды. Кээде конокко барганда бир ымыркайды энеси, атасы, чоң энеси көтөрүп, сооротуп жатканын көрүп жылмайып коем", — дейт чындыгында эле каарман эне Абдылдаева.

Ымыркайды багуу, чыргоолоп калган мезгилдер, учурунда тамактандыруу, алдын кургактоо, айтор, дагы көп түйшүк көптөгөн уйкусуз түндөр жана опол тоодой эмгек менен коштолот эмеспи.

Төрт эм төрөлгөндөн соң 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Зарнаевдерге эки бөлмөлүү батир белек кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0