Калса экен кыргыз бойдон балдарыбыз! Жыргалбек Касаболотовдун кеп казынасы

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПраздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше
Праздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Жыргалбек Касаболотовдун нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы
Жыргалбек Касаболотов 1971-жылы 9-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Журналистика тармагында "Де-факто" гезитинин башкы редакторунун орун басары, "Замандаш-пресс" маалымат агенттигинин "ИноZpress" долбоорунун редактору, "Азаттык" радиосунун интернет-редактору болуп иштеген. Ошондой эле парламенттин ишин колдоо боюнча ЮСАИД долбоорунун алкагында Жогорку Кеңеште кеңешчи, "Эл-Пикир" сурамжылоо борборунда талдоочу жана "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигинде директордун биринчи орун басары болуп да эмгектенген.

1994-жылы Табылды Муканов атындагы жаш акындар сыйлыгынын лауреаты аталат. 1999-жылы Баткен окуяларын чагылдырганы үчүн президенттин "Алтын калем" сыйлыгын алып, Ардак грамотага татыган. "Самурай кылыч – жүрөгүм" аттуу ырлар жыйнагынын автору. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жыргалбек Касаболотовдун кеп казынасы:

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп,
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.

***

Улуу сөзүн унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым.
Уйпаланган токолдой жалдырабай,
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

***

Каректен Дүйнө чагылып турган,
Кайрылбас Өмүр агылып турган.
Бүктөлгөн далай иштердин баарын,
Бүтүрчү маалы табылып турган.

Күндөрү күнгө уланып барчу.
Күлмүңдөп кээде кубанып калчу.
Мөөнөтү жетип, үзүлүп түштү,
Мөлтүлдөп турган бир Өмүр-Тамчы.

***

Тирүүлүк! Уулуң болом, кулуң дагы,
Тилеймин тагдырымдын күнүн жаңы.
Араңжан жазмыш өтөй турган болсом,
Ажалым тартып кетсин бүгүн дагы.

Эңсеймин улуу күндүн барактарын,
Элиме жаркын доордун таң атканын,
Бабалар, өзүң колдо!

Бар болсо жасай турган зор иштерим
Бар бойдон калтыра көр, Жаратканым!

***

Асманы башка, шашканы башка бул күндөр,
Артыңда калаар эскерме болуп жазылган.
Сүрөттөр калаар, биз тандап түшкөн миң гүлдөн,
Сүйүүлөр калаар, табышмак бойдон катылган.

***

Өзгөрөт ичиң дагы, тышың дагы,
Өмүрдүн зор мыйзамы, ушул дагы.
Туя бил, бул дүйнөнүн кереметин,
Туйлап өт, тулпар болуп тушундагы.

Күчөй бил, күлүк болуп күнүңдөгү,
Күйө бил, чырак болуп түнүңдөгү.
Арнап өт, ай-ааламдын баарысына,
Арзыган абаздарың дилиңдеги.

***

Тарыхтын такаат берип айбатына,
Тагдырдын агып кетпей дайрасына.
Талабын келечекке ташып өткөн,
Тан берем, улуулардын кайратына.

Алдуусу күчүн сынап коркогуна,
Анысы үмүт артып чоркогуна.
Апкаарып, айран көрсө үйлөп ичкен,
Арданам, азыркынын борпоңуна.

***

Камгактай жеңил тартып салмагыбыз,
Камынбай энөө жатат, балбаныбыз.
Кап аттиң, көп нерседен кечигиппиз,
Калса экен кыргыз бойдон балдарыбыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0