Патрулдук милиция кызматкер издейт. Эмне талаптар коюлган?

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку
Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Патрулдук милицияга кызматкерлер кабыл алына тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгына кызматкерлер керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Сынакка Кыргызстандын жарандары — аялдар менен эркектер катыша алат.

Аларга төмөнкү талаптар коюлган:

  • Катардагы кызматкерлердин курагы 19 жаштан 30 жаш, ал эми офицерликке 21ден 35 жашка чейин болушу шарт;
  • Мурда соттолбогон болушу керек;
  • Айдоочулук күбөлүгү болушу зарыл;
  • Эркектердин аскердик билети керек;
  • Офицердик кызматтагылар жогорку билимдүү болушу шарт, ал эми катардагы кызматкерлер орто билими менен алына берет;
  • Эркектердин бою 170 сантиметрден жана кыз-келиндердики 165 сантиметрден кем болбошу зарыл.

Запуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү
Конкурска катыша тургандардын документтери быйылкы жылдын 14-ноябрына чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнө кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Чокан Валиханов көч., 1а. Кошумча суроолор жаралса (0312) 63-02-53, 63-12-75 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Башка иш орундары тууралуу маалыматтарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сайтынан карап, таба аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0