Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты

Жазылуу
Турдакун Усубалиевдин жашоосунун айрым фактылары узак мезгилге чейин жашыруун болчу. Жылдар өткөндөн кийин гана колуна калем алып, элдин көбү биле бербеген нерселерди ачыктаган.

Sputnik кабарчылары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин биринчи катчысынын мемуарларын кылдаттык менен карап чыгып, турмушундагы 10 урунттуу учурду алып чыкты.

№1 факты. Усубалиевдин иш билгилигинен улам өлкө сакталып калган

60-жылдары өлкө ошондо ыкчам ыргакта өнүгүп жаткан кез эле. Курула турган жаңы заводдорго электр кубатынын булагын табуу маселеси туулган.

Открытие статуи государственному деятелю Турдакуну Усубалиеву в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы "Рух Ордого" Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюлду
Бийлик Нарын облусуна жогорку кубаттуулуктагы Жылуулук электр борборун курууну чечкен, ал көмүр менен иштеп, Кыргызстандын түндүгүн тегиз электр жарыгы менен камсыздамак.

Кыргыз инженерлеринин бул демилгеси Москвага да майдай жагып, ал тургай, долбоорду иштеп чыга башташкан. Бирок ошондо тек гана Компартиянын Борбордук комитетинин жаңы дайындалган төрагасы Турдакун Усубалиев каршы чыккан.

Кубаттуу ЖЭБде жагылган көмүрдүн кара түтүнү Нарын, Чүй, ал тургай, Ысык-Көл облустарынын да абасын булгай турганын ал түшүнгөн. Анын келтирген жүйөлөрүнөн улам ошол демилгеден баш тартылып, ордуна экологиялык Токтогул ГЭСи курулган.

№2 факты. Турдакун Усубалиев бир кездерде кедей турган

Ал Нарын облусундагы жакыр дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Болочок лидер жашаган там дагы убагында айылдаштары топтогон акчага салынган.

№3 факты. Усубалиевди фронтко албай коюшкан

Согуш башталган маалда Усубалиев 22 жашка толгон. Бир нече жолу фронтко барууга суранат, бирок жөндөмдүү жигитти москвадагылар кадрдык партиялык кызматкер катары калтырган.

№4 факты. Усубалиев Кыргызстандын борборун суу каптоодон куткарган

1959-жылы баш калаада кырсык болуп, Аламүдүн дайрасы плотинасын жырып кетет. Суу шаарды каптай баштайт.

Аянтка турак жайсыз калган миңдеген эл чогулат. Компартиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы Усубалиевдин жетекчилиги алдында калаа тургундарына баш калкалар үйлөр табылып, пайызсыз ссудалар берилип, курулуш материалдарынан да көмөк көрсөтүшкөн.

Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу маарекеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак таажычан падыша. Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай...
№5 факты. Дал ушул кишинин тушунда Фрунзе (Бишкек) чыныгы борбор калаага айланган

60-жылдарга дейре Фрунзенин көрүнүшү чоң кыштактай эле болчу, Турдакун Усубалиев бийликке келгенде гана баш калааны жакшыртуу иши колго алынат. Москвадан бул максатта ири суммадагы каражат бөлүнгөн. Дал ошол чакта шаардын чок ортосу ак мрамор "кийген".

Филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү дал ушул даңазалуу саясатчынын тушунда пайда болгон. Шаардыктар аны "Биздин прораб" деп атап коюшар эле.

№6 факты. Турдакун Усубалиев архитекторлорду бир нече ирет Ак үйдүн сыртын өзгөртүүгө аргасыз кылган

Башта Ак үйдүн архитекторлору имараттын астанасын айнектен жасашмак, бирок Усубалиев каалга, дубалдардын тунук болушуна каршы экенин айткан. Натыйжада алардын ордуна чакан терезелери жана оор каалгалары бар граниттен порталдар тургузулган.

№7 факты. Усубалиевдин убагында Кыргызстанда жаңы заводдор курулган

Өлкөдө ар бир жарым айда улам жаңы ири өндүрүш ишке кирип турган. Кезегинде бизде тамга терген түзүлүштөр, электрондук оюн, кир жуучу машина, автосамосвал, радиаторлор чыгарылчу.

№8 факты. Турдакун Усубалиев 25 жыл журт башкарган

Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин чейрек кылым жетектөө — бул оңой эмес мөөнөт. Ал республиканы тескеп турган мезгилде Москванын өзүндө Хрущев, Брежнев, Черненко, Андропов жана Горбачев, жалпы беш лидер алмашкан.

№9 факты. Усубалиев ээрден түшөрү менен сынга кабылган

Турдакун Усубалиев Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчылык кызматын тапшыргандан бир нече ай өтүп-өтпөй аны сындап киришкен. "Докладда мен жөнүндө бир жылуу сөз камтылмак тургай, партиянын жана элдин душманы катары көрсөтүлүпмүн" – деген Турдакун Усубалиев Компартиянын кезектеги 18-съездинде окулган доклад туурасында.

Бүгүн Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория биргелешип, Осмонакун Ибраимовдун Турдакун Усубалиев: өмүрү жана тагдыры китебинин расмий бет ачары өттү - Sputnik Кыргызстан
Өмүрү жана тагдыры. Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү
№10 факты. Усубалиевдин үй-бүлөсү анын ысымын көчөгө ыйгарууга макул эмес

Саясатчы 96 жашында дүйнө алмаштырган. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Бишкек жана Нарындын борбордук көчөлөрүнө ал кишинин атын берүүнү сунуштаган. Бирок Усубалиевдин өзү мындайга эч качан жол бербес эле деген жүйө менен жакындары ал демилгеге каршылыгын билдиришкен.

Бирок Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында Турдакун Усубалиевдин ысымын Эски аянтка ыйгаруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0