Бул затка Тамчы деген ат ыйгарышкан. Бир клеткалуу организм көп нерсеге жөндөмдүү.
Ал грибокко окшогону менен айбанаттын кулк-мүнөзү да бар. Франциядагы зоопаркка алынып келген жаңы жандыктын 720 жынысы бар. Бул жерде жыныс деген түшүнүк жаныбарлардыкындай ургаачы-эркек эмес, көбөйүүсүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Тагыраагы, бул зат бир нече өз алдынча организмдерге бөлүнүп, кайра бир денеге биригип, айтор, жүздөгөн жол менен көбөйүп-өрчүй алат.
Андан сырткары, өзүн-өзү калыбына келтире дагы алат. Мисалы, аны ортосунан экиге бөлүп койсо эки мүнөттүн ичинде мрудагы калыбына келип калат. Мээ системасы жок. Бирок эске тутуу, үйрөнүү жөндөмдүүлүгү бар. Көп баштуу эки былжырды бириктирип койсо, алар болгон тажрыйбасын топтоп, бирге жашап кете алат.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.