Индеецтердин навахо уруусунан тарагандар ортодон чыккан кыйынчылыктарга карабай азыркыга чейин түтүн санын көбөйтүп, жада калса апасынын тууганын "таяке" дегенин уккан соң филолог илимий изилдөөсүн баштаган.
Эгер француздардын же англичандардын тили ортого аралашпаганда навахо эли уруусун "дене" деп аташмак экен. Мамбаева мындан башка да окшоштуктарды тапкан.
— Кыргыздар байыркы элдердин катарына кирген көчмөн экени шексиз. Бирок индеецтердин арасында бизге окшош уруулардын бар экенин кайдан билип калдыңыз?
— Изилдөөчү катары 2004-жылы үч жылдык долбоорго катышып, аны утуп алган соң Америка Кошмо Штаттарына жөнөп кеттик. Ал жакта илимий иштерден сырткары Висконсин штатындагы Милуоки университетинде сабак бердим. Бир күнү көчөдө сейилдеп жүрүп таң калычтуу окуяга күбө болдум. Келбети кыргыздардыкындай келишкен, бирок сөөктүү келин алдыма басып келип, кайсы мамлекеттен же шаардан келгенимди сурабастан, уруума кызыкты. Ага Кыргызстандан келгенимди айтсам, дегеле укпаптыр. Жаныбызда китеп-дептер, майда-барат буюм саткан дүкөн бар экен. Ал жерден жер шаарынын картасын сурай коюп, биздин мамлекет кайда жайгашканын бейтааныш айымга көрсөтүп бердим. Мынча алыстан келгениме таң калган келин шыр эле мени менен жакындан таанышып, баарлашкысы келди. Ал мени нукура америкалыктардын "пау-вау дэнсинг", башкача айтканда, индеецтердин жазды, күндү, жаанды чакыруу салтанат аземин көрүүгө чакырды. Бул иш-чарада мага окшогондор көп болорун кошумчалады.
— Изилдөөңүздүн жыйынтыгында кыргыз тилине окшош канча сөздү аныктадыңыз?
— Лингвистика илимдеринин эрежелерине ылайык эки элдин улуттук тилинде он сөздөн көп окшоштук болсо, аларды тектеш деп айтууга болот. Эгерде 70-100 сөзгө чейин окшоштуктар табылса, аларды тамырлаш дейбиз. Тилекке каршы, навахо элинде оозеки баарлашуу сакталып, жазма жагы өнүкпөй калган экен. Англис тилине котормо 18-кылымдын соңунда, 19-кылымдын башында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында атайын сөздүк чыгарылыптыр. Бул китепти карап чыкканымда жүздөн ашуун кыргыз сөздөрүнө окшош сөз таптым. Алар боюнча илимий басылмаларга, гезиттерге жазып жүрөм. Мисалга: навахо эли "алатсын" деп билегин айтышса, бизде алакан деген сөз бар. Кыргыздар этке жакын эмеспи, алар "этцы" дешет. Кол өнөрчүлөрдү "адистий" дешет. Биз адис дейбиз. Биз "аке" дегендей эле жакын туугандарын "акей", "акея" деп чакырышат. Ак калпагын кийген Ала-Тоону алар "Ала-Таоа" дешет. Биз балдарды ар кандай сөздөр менен эркелетебиз, айрым учурда "алтыным" деп коебуз. Навахо эли чүрпөлөрүнүн көңүлүн "алтчыны" деп көтөрүшөт экен. Күчөтүү маанисинде айтып жүргөн "аябай" деген сөзгө эки-үч ирет угуп отуруп "айоо" дегенин окшоттурдум. Аларда үнсүз тамгалар жазылганы менен айтылганда жумшак тыбыштар менен алмашып кетет. Алфавити англис тамгаларынан айырмаланып, үстүнө үтүр, чекиттерди кошуп жазышат. Ошого жараша тыбыштар өзгөрөт. Айтор, тил жагынан ушул сыяктуу окшоштуктар көп.
— Тилден башка дагы кандай окшоштуктарды байкадыңыз?
— Албетте, тил менен гана чектелип калбай, мен навахо элинин каада-салтын, үрп-адатын терең изилдеп чыктым. Кыргызда кош бойлуу кыз-келиндер боюна бүткөнүн жалпы элге билгизбей, жашырып коет эмеспи. Элдин көзү тиет деген ишенич бар. Индеецтерде да ушул адатты кездештирдим. Бизде ак элечек кийген апалар жарык дүйнөгө келген ымыркайды сары май менен оозантат. Индеецтерде бул кадыресе көрүнүш. Азыркы заманбап жашоодо мурдагыдай баш калкалоочу кепелер жокко эсе деңизчи, бирок навахолор жашап келген турак жайлар биздин боз үй сымал конус формасында паксадан согулуп, босогосун сөзсүз күн чыгыш тарапка каратышчу экен. Үйдүн ичинде эркектин жана аялдын бурчу болуп бөлүнүптүр. Кыргыздардай эле жип ийришет. Чөп үстүнө жүндү жайып сабоо менен сабаганы да изилдөөмдү андан бетер кызыктуу кылды. Мындан сырткары, белдемчи тагынып, өрнөк соккондору да керемет. Кыргыз жигиттери мурда күмүштөн жасалып, оймо түшүрүлгөн курлар менен сымбаттуу көрүнсө, бул сыяктуу зергер буюмдарын жасоо навахолордо кеңири жайылган. Албетте, шаардын деңгээлинде биз сыяктуу мал чарбасы менен кеңири алектене албаса да, кой багуу индеецтердин негизги багыты болгон. Мурда көчмөн эл катары жайыт алмаштырып, жер которуп жүрүшкөнүн айтып беришти. Алар дагы кыргыздардай эле терини ашатып, тон тигишет экен. "Магаасы" деген бут кийимдерин көрсөтүштү, ал биздин чоң ата-апаларыбыз кийген маасыга окшош.
— Сиз жогоруда көчмөн эл сыяктуу жайыт которуп келишкенин айттыңыз. Индеецтерди көчмөндөргө салыштырууга негиз барбы?
— Эгер алар да Кыргызстанга келип калышса таң калса керек...
— Мен жүргүзгөн илимий изилдөөнүн алкагында 2016-жылы биздин кереметибиз Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Американын Кыргызстандагы элчилиги навахо элинен кыргыздардай болуп жип ийрип, өрнөк токуган Барбара Тейлерди жана бийчилер тобун чакырышты. Алар боз үйдүн тигилишине күбө болуп, оймо түшүрүлгөн шырдактарыбызды көрүштү. Эң кызыгы, биздин салбуурунчулардын оюндары аларда да бар экен. Мүнүшкөрлөрүбүз таптаган бүркүттөрдү, олжого кое берилген тайгандарды тасмага тартып алышты. Көрсө аларда да аң улоонун бул түрлөрү сакталыптыр. Мен коштоп жүрдүм. Кийинки көчмөндөр оюндарына да сөзсүз келебиз деп убада беришти. Эгер иш-чара Түркияда өтүп калса, алар келе алаар-албасын биле албайм.
— Навахо элинин тарыхы тууралуу да айтып бербейсизби?
— Азыркы Америка калкынын бир пайызын индеецтер түзөрү айтылып жатат. Кайсы бир убакта түндүктөн түштүк жарым шарга чейин созулган эки материкте 1500дөн ашуун уруу жашаптыр. Алардын ар биринин өзүнчө тили, каада-салты, үрп-адаты болгон. Бири-бири менен баарлаша албагандыктан уламбы, айтор, индеецтерде биримдик болбогону айтылат. Мындан улам Евразия чөлкөмүнөн биринчи жолу 40-50 миң жыл мурда ак терилүү адамдар Американын жээктерине суу аркылуу барганы изилденип жатат. Бирок бул маалыматты так кесе тастыктоочу изилдөө жок. Кийинки бөлүгү 18-20 миң жыл, акыркылары 5-6 миң жыл мурда көчүп барганы иликтенүүдө. Америкага адамдар Евразиянын Сибирь чөлкөмүнөн барган деген айрым такталбаган маалыматтар айтылып жатат. Аны тастыктоо үчүн адамдардын ДНК клеткалары да изилденүүдө.
— Сизге чейин индеецтердеги уруулардын өзгөчөлүктөрүн түрк тилдүү элдерге окшоштуруп, илимий изилдөө жүргүзгөндөр болуптурбу?
Мен барган навахо эли колума өздөрү тарткан тасмаларды, жазган китептерди беришти. Мындай маалымат булактарын Американын китепканаларында тапканымда ичкен ашымды жерге койчумун. Тилекке каршы, навахо элинен чыккан кинорежиссерлордун эмгектери бизге жетпейт экен. Мексикадан чыккан Хоссе Барейро индеецтерди изилдеп чыгып, испан тилинде китеп жазыптыр. Бирок бул кол жазма англисчеге же орусчага которулган эмес. Американын нукура калкынын менталитетине, философиясына жазуучу, тарыхчы жана коомдук ишмер Джон Мохок кызыгып, көп эмгектерди жараткан экен. Анын китептеринен өзүм менен кошо ала келгем. Өзүм мурда оозеки котормо менен шугулданып жүрсөм, эми кыргызча маанисин кагаз бетине түшүрө баштадым. Ушундай маалымат булактары мага жеткиликтүү болгондо илимий изилдөөмдүн ыкчамдашына жакшы түрткү бермек.