00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши
Саммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия өлкөлөрүнүн азыркы президенттери жаштайынан эле мамлекеттик кызматтарда келе жаткан адамдар экен. Арасында эл аралык уюмдарда иштегендер же жеке ишкерлик менен алектендер жокко эсе.

Өлкө башында турган адамдар элге кайсы жагынан болсо дагы кызыктуу. Үй-бүлөсү, тууган-уругу, достору, жаштыгы, эс алуусу дегендей.

Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери саясатка аралашканга чейин эмне иш кылганын талдап көрдүк. Байкасак, бардыгы өздөрү тандаган бир тармакта агарып-көгөргөндөр экен. Мисалы, Гурбангулы Бердымухамедов тиш доктурлук кесиптин бардык тепкичтерин басып өтсө, Шавкат Мирзиёев бир эле окуу жайда кенже илимий кызматкерден тарта биринчи проректорлукка чейин көтөрүлгөн.

Сооронбай Жээнбеков

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаСооронбай Жээнбеков эмгек жолун 18 жашында мугалимдиктен баштаган.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 18 жашында мугалимдиктен баштаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Тельман айылында туулган. Эмгек жолун өтө эрте баштаган. 18 жашында мектепке мугалим болуп орношуп, анда бир жыл иштеген. Андан соң Фрунзе шаарына келип, Константин Скрябин атындагы Айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн. 

© Фото / личный архив Сооронбая ЖээнбековаОш облусундагы бир катар колхоздордо зоотехниктен тарта башкармалык кызматка чейин жеткен. 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. Ал эми президенттикке 2017-жылдын ноябрь айында келген.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Ош облусундагы бир катар колхоздордо зоотехниктен тарта башкармалык кызматка чейин жеткен. 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. Ал эми президенттикке 2017-жылдын ноябрь айында келген.

Кийин Ош облусундагы бир катар колхоздордо зоотехниктен тарта башкармалык кызматка чейин жеткен. Саясий карьерасы 37 жашында, 1995-жылы башталган. Анда Жээнбеков Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. Учурда 61 жашта. Азыркы кызматына 2017-жылдын ноябрь айында келген.

Шавкат Мирзиёев

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүИнженер-механик адистигине ээ болгон Шавкат Мирзиёев учурда 62 жашта. 2016-жылы 5-декабрда шайлоодон жеңип чыгып, президент болгон.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Инженер-механик адистигине ээ болгон Шавкат Мирзиёев учурда 62 жашта. 2016-жылы 5-декабрда шайлоодон жеңип чыгып, президент болгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир жерден агарып-көгөргөн десек туура болот. Мектепти аяктаары менен Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтуна тапшырган. Инженер-механик адистигине ээ болгон соң ошол эле окуу жайдан эмгек жолун баштап, кенже илимий кызматкерден тарта биринчи проректорлукка чейин жеткен. Ошол кезде ал болгону 30 жаштан өткөн эле. Ал эми саясий ишмердүүлүгү 33 жашында, 1990-жылы өзбек парламентине депутат болуп шайлануу менен башталган.

Касым-Жомарт Токаев

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКасым-Жомарт Токаев кесиби боюнча дипломат. Эки жогорку билимди тең Россиядан алган.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Касым-Жомарт Токаев кесиби боюнча дипломат. Эки жогорку билимди тең Россиядан алган.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев башынан эле саясатта, болгондо дагы чоң саясатта. Кесиби боюнча — дипломат. 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун (МГИМО), 1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган. Карьерасын СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Сингапурдагы элчилигинде референт болуудан баштаган. Кийин СССРдин Кытайдагы элчилигинде иштеген. Казакстан өкмөтүнүн курамына 1993-жылы кошулуп (министрдин орун басары), 1994-жылы Казакстандын тышкы иштер министри болуп дайындалган. Быйылкы жылдын март айында Казакстандын президенти болуп шайланды. Учурда 66 жашта.

Эмомали Рахмон

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЭмомали Рахмон саясатка кадам таштаганда 38 жашта болчу. 1990-жылы ал тажик парламентине депутат болгон. 1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жатат.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон саясатка кадам таштаганда 38 жашта болчу. 1990-жылы ал тажик парламентине депутат болгон. 1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жатат.

Эмомали Шарипович 1952-жылы Тажикстандын Дангара айылында туулган. 17 жашында Калининабаддагы №40 техникалык училищени аяктап, эки жыл май чыгарган заводдо иштеген. Андан соң Тынч океан флотунда аскердик кызмат өтөгөн. 1982-жылы Тажик улуттук университетин экономика адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Андан соң бир топ жыл Дангара районундагы Ленин совхозунун директору болуп эмгектенген. Рахмон саясатка кадам таштаганда 38 жашта болчу. Тагыраагы, 1990-жылы ал тажик парламентине депутат болгон. Рахмон 1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жатат.

Гурбангулы Бердымухамедов

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүТиш доктурдун окуусун бүткөн Бердымухамедовдун президент болуп иштеп келе жатканына быйыл 12 жыл болду.
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген? - Sputnik Кыргызстан
Тиш доктурдун окуусун бүткөн Бердымухамедовдун президент болуп иштеп келе жатканына быйыл 12 жыл болду.

Түркмөнстандын президенти кесиби боюнча — тиш доктур. 1979-жылы Түркмөнстан мамлекеттик университетинин медицина факультетин аяктаган. Ошондон тарта саясатка аралашканга чейин тиш доктурлук кесиптин бардык тепкичтерин басып өткөн десек болот. Алгач Ашхабад районундагы Эррик-Кала айылындагы бейтапканада, андан соң райондук ооруканада иштеген. Кийин Ашхабад облусунун штаттан тышкаркы башкы тиш доктуру болгон. 1990-1997-жылдар аралыгында өзү аяктаган мамлекеттик университеттин стоматология кафедрасында ассистент, Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология борборунда директор болуп эмгектенген. Ал эми саясий ишмердүүлүгү 1997-жылы башталган. Бердымухамедов 40 жашка толгондо өлкөнүн саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта тогуз жыл отурган. Ал эми Түркмөнстанды башкарып келе жатканына быйыл 12 жылдын жүзү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0