00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарын таза жана кооз кылуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
С1+5 саммити. АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин баалуу кен байлыктарына кызыгуудабы?
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От первых шагов до зрелости: как вырастить здоровое поколение — беседа с педиатром
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Русский язык — язык дружбы»: как он соединяет культуры Евразии
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Музыка менен жашаган өмүр: Жамила Маматованын чыгармачылык мурасы
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
О призвании, науке и человечности: разговор с Александром Новиковым
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы кантип жоголуп кеткенин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековОрус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев. Архив
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асрандиев 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин жоголуп кеткен. Бактыга жараша аны түнкү саат 2:00дөр чамасында табышкан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев көлдөн сүзүп өтүп бараткан учурда капысынан аба ырайы бузулуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, эртең менен саат 7:20лар чамасында, сүзө баштаган учурда күн ачык болчу.

"Саат 17:00дөр чамасында катуу шамал болуп, чоң толкундар башталды. Мени коштоп бараткан кайык артта калып жатканын байкадым. Бир аздан кийин бири-бирибизди такыр эле таппай калдык. Мен коштоп келе жаткандарга аябай тынчсыздандым", — деди ал.

Асрандиев түнкү саат 00:20лар чамасында Бар-Булак айылындагы жээкке сүзүп чыгып маякка барганын, саат 2:00дөр чамасында куткаруучуларга жолукканын айтты.

Ал журналисттин "Толкун маалында өлүп калам деп корккон жоксузбу?" деген суроосуна көбүн эсе аны коштоп жүргөндөргө тынчсызданганын белгиледи.

"Мен көбүн эсе коштоп жүргөндөргө тынчсыздандым. Аларда куткаруучу жилет болгону менен аны кийишкен эмес. Эгер кайык оодарылып кетсе аны кийгенге жетишпей калабы деп корктум. Өзүмө анчейин деле тынчсызданган жокмун, себеби сүзүп өтөөрүмдү билгем", — деди ал.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы жалпысынан сууда 19 сааттай болгонун белгилеп, негизинен 14-15 сааттын ичинде 30 чакырымды сүзүп өтүүнү пландаганына токтолду. Бирок аба ырайынан улам пландары да өзгөрүп кеткен.

Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
"Азия Молл", арзан турак жай жана майда бизнес үчүн насыя — РКӨФ башчысынын маеги
Асрандиев андан сырткары мынчалык ызы-чуу чыгаралы деген деле ою болбогонун, ага тынчсызданган бардык кишилерге, куткаруучуларга, жергиликтүү тургундарга жана администрацияга ыраазычылыгын айтты. Ал ошондой эле мындан кийин да көлдү сүзүп өтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Асрандиевдин тууганы 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Өзү буёкту байланып сүзүп бараткан.

Катуу толкун болгондо кайыктагы киши менен да байланыш үзүлүп калган.

Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткен. Башкача айтканда, ал Ысык-Көлдүн түндүгүнөн түштүк тарабына сүзүп өтүүгө белсенген. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылып, өкмөт башчы окуя жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0