Чычкан дарыясына беш жашар бала чөгүп кетти

© AFP / MARWAN NAAMANI Детская обувь в воде
Детская обувь в воде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристени издөөгө 91 киши тартылган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Чычкан дарыясынан 28-августта беш жашар баланын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 25-августта Бишкек — Ош унаа жолунун 235-чакырымында (Ак-Көл тилкеси) сууга беш жашар бала түшүп кеткен.

"28-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Баланын сөөгүн саат 18:10до суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0