БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстандагы кытай инвесторлорун КЭРдин күч түзүмдөрү коргойт деген маалыматты четке какты.
Буга чейин айрым ЖМКларда "өкмөт коңшу мамлекеттен келген инвесторлорду өздөрүнүн күч түзүмдөрү коргой турган мыйзам долбоорун таңуулап жатат" деген маалыматтар тараган. ЖМКлар эксперт Медер Корганбаевдин анализдерине таянып жазып чыгышкан.
Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу тараган маалыматтар жалган экенин жана аларды тараткандарга чара көрүлөрүн Facebook баракчасына жазды.
Солтон-Сарыдагы чыр
5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн уккан. Жолугушууда чогулган эл бийликке талап коюп, өкмөт башчы менен спикер үч күндүн ичинде келип көйгөйдү жеринен чечип берүүсүн талап кылышкан.
6-август күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон.