Июндан бери уланган каршылык акциясы. Гонконгдо 15 укук коргоочу жабыркады

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүАкция протеста в Гонконге
Акция протеста в Гонконге  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гонконгдун тургундары кылмышкерлерди Кытайга экстрадициялоого уруксат бере турган мыйзамдан биротоло баш тартууну талап кылып жатышат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү, 25-августта, Гонконгдо өкмөткө каршы акциялар уланды. Полиция көздөн жаш чыгарчу газ колдонсо, демонстранттар полицияга кирпич ыргытып каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада 15 укук коргоочу жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Саммит G7 во Франции - Sputnik Кыргызстан
Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти
Эске салсак, буга чейин Гонконгдун өкмөтү "качкын шектүүлөр" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, кылмышкерлер Кытайга экстрадицияланмак. Бирок тургундар "бул мыйзам Гонконгдун сот системасынын эркиндигин чектейт" деп июнь айынан бери каршылык акциясына чыгып келишет. Гонконгдун бийлиги мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабастан, демонстранттар андан биротоло баш тартууну талап этишүүдө. Ошондой эле Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчисин "кызматтан кетсин" деп талап коюп жатышат.

"Жекшемби күнү кечинде акцияга чыккандар дүкөндөрдү жана эс алуучу жайларды талкалады. Алар полиция кызматкерлерин көздөй ар кайсы нерселерди ыргытып жатышты. Бир укук коргоочу жерге кулап калса, аны тепкиге алышкан. Мындан улам алты полиция кызматкери кесиптештеринин коопсуздугу үчүн асманга эскертүүчү ок атышкандан кийин демонстранттар тарап кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Операция учурунда 15 укук коргоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле полиция 12 жаштан 48 жашка чейинки акцияга чыккан 29 эркек-аялды кармап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0