БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Голливуд актеру Сильвестр Сталлоне "Рэмбо: Акыркы кан" кинокартинанын бешинчи бөлүгүнүн трейлерин жарыялады. Биринчи тасма 34 жыл мурда тартылган.
Кино жылдызы роликти Instagram баракчасына жүктөгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жаңы картинада согуш ардагери Жон Рэмбо кайрадан өч алуу жолуна түшөт. Сценарий боюнча ал бир топ улгайып, Аризондогу сарайда жай турмушун улантып жаткан болот. Анын тынч жашоосун кул сатуучулар бузат. Тагыраагы, алар Рэмбонун атасынын сарайында иштеген аялдын небересин уурдап кетишкендиктен, Мексикага кызды куткаруу үчүн жөнөйт.
Тасма экранга ушул жылдын 20-сентябрында чыгат. Рэмбо тууралуу кинонун режиссерлугун Адриан Грюнберг аркалаган. Роликте 1985-жылы чыккан "Рэмбо: Биринчи кан 2" тасмасынын үзүндүсү көрсөтүлөт.
Ал эми 31 жыл мурда тартылган "Рэмбо-3" кадрында Сильвестр Сталлоненин көк бөрү ойногон жери бар.