БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Белоруссиядагы эл аралык мелдешке катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, балбан Александр Медведдин байгесине арналган турнир 9-11-август күндөрү Минск шаарында өтмөкчү.
Ага өлкө атынан тогуз спортчу катышат:
- Бекболот Мырзаназар уулу — 57 кг;
- Улукбек Жолдошбеков — 57 кг;
- Эрназар Акматалиев — 65 кг;
- Нургазы Абдуразаков — 65 кг;
- Ислам Орозбеков — 70 кг;
- Эламан Догдурбек уулу — 70 кг;
- Ильгиз Жакыпбеков — 74 кг;
- Алигаджи Гамигаджиев — 86 кг;
- Магомед Мусаев — 97 кг.
Балбандарды машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу менен Русланбек Мажинов коштоп бармакчы. Курама команданын мелдешке баруусу үчүн олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 44 миң сом каралган.