Төө-Ашуудагы туннель бир ай бою маал-маалы менен жабылып турат. График

Жазылуу
Yandex newsTelegram
Атайын пландын негизинде туннелде оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннель желдетүү системасы оңдолуп жатканына байланыштуу маал-маалы менен жабылып турат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Желдетүү системасын оңдоо иштери жыл сайын ушул маалда пландуу түрдө жасалат. Буга байланыштуу быйыл 8-августтан 5-сентябрга чейин автоунаалар туннелден атайын график менен өткөрүлөт.

График төмөндөгүчө:

  • 08:00-09:30 — оңдоо иштери жүрүп, жабылат;
  • 9:30-14:00 — автоунаалардын өтүүсүнө жол ачылат;
  • 14:00-15:30 — оңдоо иштерине байланыштуу жабылат;
  • 15:30-08:00 — автоунаалардын өтүүсүнө жол ачылат;
Жаңылыктар түрмөгү
0