00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аялдар төшөк кумарынан эмнеге баш тартат. Адистердин жаңы иликтөөсү

© Фото / Pixabay/ sasintПары в КР
Пары в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер 4500 аялга сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Аялдардын эмне себептен төшөк кумарына кызыкпай каларын жашы өтүп бара жаткан аялдардын ден соолугун изилдөө менен алектенген АКШдагы North American Menopause Society уюму аныктады. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы жазды. 

Суроого жооп алуу үчүн дарыгерлер 4500 аялга сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын арасынан 22 пайызынын гана туруктуу интимдик жашоосу бар экени аныкталган. Ал эми үч пайызы төшөк кумарынан чындап ырахат алышарын билдиришкен.

"Аялдардын секстен баш тартышынын эң негизги себеби - туруктуу өнөктөштүн жоктугу экен. Мисалы, көпчүлүгү ажырашкан же жесир калгандар. Андыктан аял киши утурумдук эле бирөөгө "ачыла" бергиси келбейт", — деп айтылат макалада.

Влюбленные - Sputnik Кыргызстан
Төшөк кумарына баткан америкалыктардын саны барган сайын азаюуда
Аялдар мындан башка дагы себептерге таянат. Мисалы, 27 пайызы түгөйүнүн тулку боюна ичи жылыбайт. Тагыраагы, эркек өтө толук, курсагы чендейген же тескерисинче, колго урунаар эти жок арык болгон учурда. Ал эми 13,5 пайызы эркегинин бел күчүнө алымсынбайт.

Аялдардын калган 18 пайызы өзүнүн ден соолугуна байланыштуу же түгөйү менен урушуп кеткендиктен түндү "жалгыздыкта" өткөрөрүн билдиришкен.

Дарыгерлердин кошумчалаганына караганда, аял кишинин дене кумарынан баш тартышына өзүн кары сезгендиги жана тулку боюна ыраазы болбогондугу дагы себеп болот. Бирок сурамжылоого катышкан аялдар мындай жүйөлөрдү келтирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0