00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Токтогул суу сактагычындагы абалдан улам электр энергиясын үнөмдөөгө чакырышты

© Фото / Владислав УшаковТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү былтыркыга караганда аз, бирок электр энергияны колдонуу бир кыйла өскөн.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева кыргызстандыктарга кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазып, эксперттердин баамында Кыргызстанда дал ушул мезгилде суу тартылып баштай турганын билдирген.

"Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычында 14 миллиард 305 миллион куб метр суу бар. Туура бир жыл мурда анын көлөмү 15 миллиард 890 миллион куб метр болчу. Башкача айтканда, 1 миллиард 585 миллионго аз. 10-июнга карата агып кирген суунун көлөмү секундасына 835 куб метрди түзсө, 273 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр ушул маалда секундасына 1360 куб метр суу агып кирип, 264 кубометр суу агып чыгып турган. Жай мезгилинде Кыргызстан боюнча суткасына 20 миллион киловатт-саат пайдаланылат", — деп жазылат билдирүүдө.

Ал ошондой эле суунун агып кириши бир гана жаратылыштан, башкача айтканда, 1-октябрдан 31-мартка чейин жааган жаан-чачындан көз каранды экенин белгилеген.

Токтогульская водохранилища - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт
"Былтыр кышында Нарын дарыясынын жогору жагында кар аз болду. Синоптиктердин божомолу боюнча май айынан сентябрга чейин суу сактагычка 17 миллиард куб метр суу чогултуу пландалып жатат. Иштелип чыккан электр кубаты ички керектөөгө кенен-кесир жетет", — деди маалымат катчы.

Анын айтымында, мындай божомолдорго карабастан адистер электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу оң болорун белгилешкен.

"Сарамжалдуу пайдалануу — бул чектелип калуу эмес. Болгону күнүмдүк жашоодо электр энергиясын үнөмдөөчү каражаттарды колдонуп, жылыткычтарды, электр плиталарын жана тиричилик техникасын туура тандоо зарыл. Үйлөр менен имараттарды жылуулоо дагы электр кубатынын үнөмдөлүшүн шарттайт", — деди Айдаралиева.

Буга чейин энергетиктер кыш айларында электр кубаты үзгүлтүккө учурабай турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0