Мунун негизинде биз "2016-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" кодекси кимдерге тиешелүү?" деген суроо менен Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков жана аткаминерлерди окутуп, тарбиялап чыгарган Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаевди кепке тарттык.
— Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумун тескеген кодекс бар. Бул кимдерге тиешелүү?
Мыктыбек Өмүрзаков: — "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" аталышындагы кодекс мамлекеттик кызматтын бир гана тармагында иштеген жарандарга тиешелүү. Мамлекеттик кызмат аскердик, укуктук, дипломатиялык жана жарандык-муниципалдык болуп төрткө бөлүнөт. Бул кодекс мына ушул төртүнчү бөлүктүн кызматкерлерине гана тиешелүү. Алардын ичинен да саясий чечим кабыл албаган гана кызмат ордундагы адамдар бул кодекске баш иет. Аталган мыйзам өзүнө үч багытты камтыйт. Биринчи кезекте кесиптик милдеттердин так аткарылышын тескейт, экинчиден, коррупциянын алдын алуу каралган, үчүнчүдөн, кызматкердин жүрүм-туруму кандай болуусу керектиги жазылган. Бул мыйзамды мамлекеттик кызматкер канчалык деңгээлде аткарып жаткандыгын ошол мекемеде түзүлгөн этика комиссиясы көзөмөлдөйт.
— Саясий кызмат ээлеринен маданияттуулук талап кылынбаса, аларды окутуу маселеси кандай болду экен? Аткаминер ошол кызматка отурарда же иштеп жаткан учурда атайын бир этика сабактарын алабы?
Кудайберген Базарбаев: — Президенттин алдындагы башкаруу академиясы эки жылдык мөөнөт менен дистанциялык негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди магистратурага окутат. Бүгүнкү күндө экономика, менеджмент багытында факультеттерибиз иштеп жатат. Жакында эле юриспруденция боюнча да лицензия алдык. Бардык тармактарга этика сабагы кирет. Ошону менен катар эле мамлекеттик кызматта иштеп турган кызматкерлерди да квалификациясын жогорулатуучу курстардан өткөрөбүз. Быйылкы окуу жылында 3750 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ушундай окуу курстардан окутушубуз зарыл. Анын ичинде 950сү саясий кызматтагылар.
— Бул курстарга кайсы макамга чейинки аткаминерлер келип окууга милдеттендирилген? Сиздер, мисалы, бир министрди же облус жетекчисин милдеттүү түрдө чакырып, кызмат учурундагы этика боюнча сабак өтө аласыздарбы?
К.Б.: — Милдеттүү окуудан өтө тургандардын сап башында жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттөрү бар. Жалпысынан курстар 16, 32 жана 35 сааттан турат. Ошол сабактардын ичинде этика дагы окутулат. Жыйынтыгында атайын бир темада реферат жазып тапшырышат. Тилекке каршы, сиз атап кеткен саясий кызматтагы аткаминерлер биздин академияга келип, квалификациясын жогорулатып кетүүсү каралган эмес. Мүмкүн бул келечекте ишке ашып калаар.
К.Б.: — Кечиресиз, мен сиздин оюңузга бир аз каршымын. Анткени бизде «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» деген кодекс турат. Муну саясий болобу, мамлекеттин кайсы бир бутагындагы кызматкер болобу, колдонушу керек жана колдонуп келишет. Мисалы, мен министр болуп турганымда бул кодекс менин башкы документим болчу. Мен бул мыйзам министрге тиешеси жок деп ойлончу да эмесмин. Андыктан, бул жерде кеп ар бир адамдын ээлеген кызматына карабай өзүнүн жеке сапатына байланыштуу десек туура болот. Биз бул көйгөйдөн арылуу үчүн аткаминерлердин билимин тереңдетишибиз зарыл. Ооба, алар өз ишинин мыкты адистери, бирок теориялык билими жетишсиз болгон учурлар көп. Мына ушул тоскоолдукту жойсок, эч кандай өзүнчө мыйзам кабыл албай эле маданияттуулук маселесин чечсек болот.
М.Ө.: — Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Этика кодексин жарандык-укуктук акт десек да туура болбой калат. Бул болгону мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш, ошонун токтому менен бекитилген документ. Анда административдик кызматкерлерге гана жайылтылат деп так жазылып калган.
Бирок саясий кызматкердин административдик кызматкерден бир чоң айырмасы — ал оңой эле кызмат ордунан кол жууп калышы мүмкүн. Анын бир жасаган туура эмес кадамы, орой мамилеси, бирөөгө келтирген акаараты эч кандай эскертүүсүз ээрден оодарып түшүшү толук ыктымал. Бул кандай учурда ишке ашат? Саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн мыйзам жок болгондуктан, аткаминер кандайдыр бир терс иш жасап койсо, андан улам элдин нааразычылыгы жаралса, өкмөт ал саясатчыны кызматтан оңой эле алып коет.
Ал эми административдик кызматтагыларды минтип иш ордунан эч ким кетире албайт. Аны иштен алуу үчүн көптөгөн процедуралардан өтүп, комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жана жогоруда аталган кодекстин негизинде иш жүрүп, айтор, олуттуу маселеге айланат.