Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу

© Sputnik / Амир Исаев, STRБата окуп жаткан мусулмандар. Архив
Бата окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аалымдар орозо кармай албагандар оозу бек адамдарга ооз ачтырып, алар менен тең сооп алса болорун айтышат. Ал эми муктаждардын оозун ачып берүүнүн артыкчылыгы андан да жогору болот экен.

Ошол эле учурда ооз ачтырууда жылкы союп, дасторконду жайнатып той сыяктуу өткөрүп жаткандар бар. Мындан сырткары, негизги маанисин унутуп, "тиги тууганым ооз ачырды, мен да чакырышым керек" деген стереотип орун алып жатканын белгилешет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ооз ачтыруунун жол-жобосу жана кайсы катмарга өткөрүү артыкчылыктуу деген суроолорго жооп алды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов ооз ачтыруу пайгамбар үйрөткөн эң жакшы сооптуу иштердин бири экенин белгилейт.

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов
Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов

"Кимде-ким орозо кармаган кишинин оозун ачып берсе, аны менен тең соопко ээ болот дейт. Жарым курма, бир ууртам суу менен болсо да оозун ачыргыла деген. Ал байбы же кедейби, айырмасы жок, сообу бирдей эле болот. Эгерде артыкчылыктуу болсун десе тамагы жетишсиз болуп турган коомдун аялуу катмарына, жетим балдарга, студенттерге, апаларга (көбүнчө эркектер барып аларга көңүл бурулбай калат) ооз ачырса жакшы. Мечитке ооз ачтыруунун да сообу көп болот. Анткени ал жерге баары келет", — деди Эргешов.

Ошондой эле ал дасторконго ашыкча нерсени койгондун ордуна ошого кеткен акчаны башка кайрымдуулук иштерге жумшоону сунуштады.

"Ооз ачарда стол ийилгидей кылып жасап, ашыкча чыгым кылбоо шарт. Кээде "тигинден жакшыраак дасторкон жасайын" деп таймашкансып, той сыяктуу болуп кетүүдө. Ысырапкорчулук — бул арам. Ушуну түшүнүү абзел", — деди аалым.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков орозодо ачтардын кадырын билип, мээримдүүлүк ойгонорун эске салып, курсагы токтор бири-бирин гана чакырышы туура эмес экенин айтты.

© Фото / Зульфия ТургуноваМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков
Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков

"Оорунун кадырын соо билбейт, ачтын кадырын ток билбейт" дейт эмеспи. Ооз ачыруу орозонун маанилүү бир бөлүгү. Жараткандын "ичкиле-жегиле, бирок ысырап кылбагыла" деген буйругу бар экен. Азыр көрүнөйүн же эл мактасын дейби, айтор, төгүлүп-чачылып коюлууда. Негизи бир бурдам нан, биртике тамакка эле тоёсуң. Эң жакшысы — муктаждарга, бей-бечараларга ооз ачырып бериш керек. Анан да бизде курсагы токтор бири-бирин чакырып жатышат. Мекеме, фонддор деле ошол эле адамдарды чакырып өткөрүүдө. Бул да жакшы, бирок "эң жаман тамак — жалаң байлар жеген тамак" дейт", — деген пикирин билдирди Кадырбеков.

Мындан сырткары, ал ашказан суу, аба, тамак болуп үч бөлүктөн турушу керектигин белгилейт. Демек, ооз ачканда ашказанды ныктап толтурбоо зарыл.

"Негизи туугандар үчүн жакшы ниет менен Жараткандын ыраазычылыгы үчүн деп ооз ачтыруу өткөрөт. Тигиге баргам, мен да аны чакырайын дегенден көрө чакырбай эле койгон жакшы. Жыйынтыктап айтканда, ооз ачырыңыздар, бирок ысырапкорчулук болбосун. Кечке кезерип жүрүп, арам тамактар менен ооз ачпаңыздар. Бул бир үйдү куруп, бир шаарды ураткан менен барабар. Жеңил тамактар менен ооз ачкан жакшы", — деди Кадырбеков.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов ооз ачардын башкы максаты - кедейлерди тойгузуу экенин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековАалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов
Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов

"Тилекке каршы, бизде ооз ачарда байлар-байлар менен отуруп, тойдогудай дасторкон жаюуда. Мисалы, депутаттар өздөрүнчө "Ифторитет" өткөрүп, таасирдүү адамдарды гана чакырат экен. Бул туура эмес, муктаж адамдар да алар жеген тамакты жегенге акысы бар. Баары бирдей шартта орозо кармап, бирок ооз ачарда ар башка тамак жесе — бул ислам жолунан тайгандык. Кыргызстанда статистика боюнча жарым миллион киши жакырчылыкта жашайт. Муну да эске алуу абзел", — деди Маликов.

Дин таануучу ооз ачтырууну шерине же тойго айландырбоого чакырып кетти.

"Ал мени чакырды, мен да аны чакырышым керек деген стереотипке айлантуу болбойт. Ооз ачар Жараткандын рахматы менен болушу шарт. Көптөн бери көрбөгөн дос, туугандарды чакырган жакшы. Бирок ооз ачар шерине эмес айландырып өткөргүдөй. Ушул жагдайларды айтып, эскертүү жолу менен түшүндүрүшүбүз керек", — деди Маликов.

Ал эми тойдогу ыксыз чыгымдарды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ооз ачтыруу шаан-шөкөт менен коштолуп баратканын жашырган жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев

"Кээ бир жерден ысырапкорчулук кылып тойго айланткандарды көрүп жатабыз. Жөн эле тамагын берип, бата алыш керек болчу. Бирок ырчыларды ырдатып, бийчилерди бийлетип жибергендер болууда. Бул аша чапкандык, буга каршымын. Өзүм эле күбө болуп жүрөм. Бул боюнча муфтият тарабынан эскертүү берилсе жакшы болмок", — деди депутат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Рамазан айы 6-май күнү башталган. Битир-садаганын баасы ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.

Ал эми ооз бекитүү жана ооз ачуу маалы көрсөтүлгөн Орозо календарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0