1958-жылы Балыкчы шаарына келип, алгачкы жолу электр энергиясын көргөм. Бул тууралуу Ракымберген Абдыкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун энергетика тармагынын 85 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1952-жылы Исхак Раззаковдун жергиликтүү кадрларды өстүрүү боюнча токтому чыккан. Анын негизинде жогорку окуу жайлардын 70-80 пайызын айылдан келген кыргыз жаштары түзө баштаган.
"Айылда электр энергиясы жок болчу. 8-классты аяктап, ошондогу Рыбачье шаарында окуумду уланттым. Мектепте ошол жылдары өндүрүштүк окуу деген сабактар кирип, андан айдоочулукту үйрөтүп, энергетика боюнча жалпы түшүнүк бере башташты. Мунун бардыгын орус тилинен сабак берген Бондаренко Юрий Михайлович деген агайыбыз окутчу. Ошентип энергетика жаатына болгон кызыгуум артып, политехникалык институттун электр куруучулук факультетине тапшырдым. Окууга өтүп калышыма Исхак Раззаковдун жергиликтүү кадрларды өстүрүү боюнча чыгарган токтому жардам берди. Анткени окууга алууда айылдан келген кыргыз жаштарына басым жасалып жаткан экен. Тилекке каршы, ал кишинин эл үчүн жасаган бул эмгеги кийин өзүнүн "улутчул" катары кызматтан кетишине себеп болду", — деди Абдыкасымов.
Ал ошондой эле эгемендүү Кыргызстанда гидроэнергетика тармагынын келечеги кең экендигин кошумчалады.