"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен менен Ысык-Көл облустарынын говорун тизмектегенбиз.
Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.
Чөөгүн, көрө — кумган;
Челек — чака;
Лаган — илеген, таштек, дагара;
Калит — ачкыч;
Пиала — чай чыны;
Арак самын — кол-бет жууй турган самын;
Айнек — күзгү;
Балыш — жаздык;
Жакандос — жер төшөк;
Чачык — сүлгү;
Күкүрт — ширеӊке;
Жаван — сандык;
Около, үбөлүк — үбөлүк, камыр жайган ашкана буюму;
Ликап — тарелка;
Каса — чоӊ чыны;
Кепкүр — депкир;
Кемзир, кемсал — чыптама;
Калач — галош;
Пайпак — байпак;
Кемер, камар — кайыш кур;
Оромол — жоолук;
Патинке — бут кийим;
Эгар — ээр;
Көпчүк — ээрдин үстүнө салынуучу кийизден же кездемеден жасалган кичинекей көрпөчөнүн бир түрү;
Озулдурук — ооздук;
Асал — бал;
Аш — басылган күрүч, палоо;
Оокат — тамак;
Шола, шовила — коюу күрүч;
Патыр нан — сүткө, майга жуурулуп жасалган нан;
Көш, гөш — эт;
Тукум — жумуртка;
Мака, дүмбүл — жүгөрү;
Гилас — алча;
Нак — алмурут;
Кайноолу — кара өрүк;
Коро — быша элек мөмө-жемиштер;
Майиз — мейиз;
Ака — байке;
Үка — ини;
Абже — эже;
Тага — тайке;
Ортак — дос;
Чылапчын — колго суу куйганда алдына коюлуучу идиш;
Чавли — боорсок сүзүп алуучу буюм;
Севет — тойлордо баштыктын ордуна колдонуучу буюм;
Атала — айран катыкталган жарма;
Сөөрү — тапчан;
Шише, ише — бөтөлкө.