"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл говоруна токтолдук. Адис белгилегендей, бул дубандагы диалектилик айырмачылыктар уруулар арасында кездешет. Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.
Тырмоок (Тоңдун саяк уруусунда айтылат) — жерди тырмоочу курал;
Бадавод, бадоот — тамак же суюктук куюлуучу идиш, чоң чыны;
Очоккана (Тоңдогу саяк уруусу айтат) — тамак даярдалуучу жер;
Очок үй (Ак-Суудагы солто уруусунда айтылат) — тамак даярдалуучу жер;
Аш үй, кампа (Түптөгү бугу уруусунда айтылат) – тамак даярдалуучу жер;
Чанжы — чөп отоочу курал;
Тууралган кесме — бешбармак;
Элеген (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — кир жууй турган буюм. Кээ бир жерлерде дагара, тазик, таштек деп айтылат;
Илеген (Ак-Суудагы солто жана Түптөгү бугу уруусунда айтылат) — кир жууй турган буюм;
Ава, аба — атасынын эркек бир тууганы, өзүнөн улуу эркек бир тууганы;
Алты кат (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — жерге салынуучу төшөк;
Төргөрпө (Ак-Суудагы солто уруусунда колдонулат) — жерге салынуучу төшөк;
Ашпурут (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — түштүк тарапта алмурут же нак;
Ашпуруд (Түптөгү бугу уруусунда айтылат) — алмурут;
Коро (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — өрүктүн көгү, быша элеги;
Көк өрүк (Түптөгү бугу уруусунда колдонулат) — өрүктүн көгү;
Мияз — пияз;
Савиз, абиз — сабиз;
Пенжек — эки жеңи жок үстүңкү кийим;
Тепек — козу карын.