00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:06
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амаки, үзүк, өлүмсанки, горо... Баткенге барганда сыр бербей сүйлөшүңүз

Жазылуу
Түндүк жана түштүк диалектиден тышкары ар бир облус жашаган жеринин таасиринен улам колдонуп калган сөздөрү же илимий түшүнүк менен айтканда, говорлору бар. Алардын жардамы менен жалпы тил бай экендиги талашсыз. Анан калса, аймактарга барып калсаңыз сыр бербей сүйлөшүп кетсеңиз жаманбы?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында жети дубандын говорун бөлүп берүүнү чечти. Алгач Баткен облусун алдык. Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.

Абдесте — чөөгүн;

Азил эмес — оңой эмес;

Айван — веранда, үйдүн алды;

Амаки — алыс тууган;

Ахыры — деги;

Аштама — килем станогунун жалпы түзүлүшү, рамасы;

Бант — бош эмес;

Бөкөвүл — той-ашта бышкан этти бөлө турган адам;

Гилас — алча, чие;

Гөш, көш — эт;

Жавыс, жавыз — жакын;

Пада — уй;

Ноопас — бука;

Маала — көчө;

Саал — бир аз;

Капата — кебете;

Дүмбүл — быша элек жүгөрү;

Парак — барак;

Кар — дүлөй;

Нарака — нары жакка;

Берака — бери жакка;

Чакыч — сагыз;

Карам — капуста;

Калар — келемиш;

Дүм — куйрук;

Горо, коро — көк өрүк;

Лаган — дагара, таштек;

Пүчөк — сыздоок;

Өлүмсанки — кыбырап жүргөн, бош адам;

Өлүмтүк — адам каза болгондо чыгымдала турган буюм, мал жана башка;

Катта — чоң;

Калак, келек — элечек;

Пишек — мышык;

Тага — тай аке;

Балан же балант — бийик;

Пакана — бою кыска;

Таги, тагида — алды, алдында;

Эгедер — ээ, ээлик;

Эгиз — бийик;

Эргеш — ээрчи;

Яхна — муздак чай;

Ыхывал — тагдыр;

Ынтыл — умтул;

Ылык, ылы — жылуу;

Шырба — бордок, бордоку, козу;

Шүрөгү — ушул, мына;

Шапада, шабада — салкын жер, шамалдуу жер;

Чынчалак — чыпалак;

Чөргө — оро, чулга;

Чимейил — майда кумурска;

Чакар – койчунун жардамчысы;

Үзүк — шакек;

Үргөн — үйрөн;

Таксынч — фундаменттин үстүнө коюлган жыгач;

Түймө — топчу;

Патинче — помидор;

Паранда — канаттуу куш;

Өткүрлө — курчут;

Най — керней, чоор;

Лата — чүпүрөк;

Жавлик — бүт, баары, бардыгы.

Жаңылыктар түрмөгү
0