00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хайп, мем, дакфейс, челлендж... Соцтармактын "тилин" талдайбыз

© AFP / GERARD JULIENFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттин жайылышы менен социалдык тармакка киргендердин "тили" пайда болуп, ал убакыттын өтүшү менен улам жаңы сөздөргө байып келет. Бул нерсени "көчө" сөзү эмес, тар чөйрөдө пикир алышуунун түрү деп атаса туура болчудай.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында дал ушул соцтармактагылардын көп колдонгон сөзү жана алардын мааниси тууралуу жазды. Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Хайп — англис тилинен которгондо "ызы-чуу салуу", коомчулукка бир тема же образ менен талаш-тартыш пикир жаратуу жана кандайдыр бир иш менен адамды таң калтыруу деген түшүнүк;

Инет — интернет сөзүнүн кыскартылып айтылышы;

Жаргылчак тартып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көкүрөгүңүз абалкы кептерге чаңкап, сөзүңүз мокоп турабы? Архаизмдер топтому
Хештег — торчо белги менен белгилөө дегенди билдирет. Социалдык тармактарда ал # белгиси менен башталат, кийинки сөзгө туташ жазылат. Бул башка колдонуучулар үчүн үндөш материалдарды издөөнү жеңилдетет;

Ретвит — бул бөлүшүүнүн, репосттун бир түрү же бирөөнүн блогун өзүңүзгө көчүрүп жайгаштыруу;

Хейтер — англисчеден которгондо "жек көрүү, жек көрүүчүлүк" дегенди билдирет. Бир нерсени жаман көргөн, башкаларды сындагандарга карата айтылат;

Аватар — соцтармак колдонуучусунун башкы сүрөтү;

Дизлайк — жакты дегенди баскан "лайктын" карама-каршысы. Эгерде сизге бир пост жакпаса, бармакты түшүрүп койсоңуз болот;

Лойс — "жакты" деген белги менен тете эле жүрөкчөнү же чоң бармакты да басып жүрөсүзбү? Ошол лойс деп аталат;

Мем — маалыматты жеткирүүнүн бир түрү. Адам, жаныбар, зат, же жөн гана сөз мемге айланат алат. Көбүнө алардын сүрөтү ачуу тамаша менен жазылып, интернетке тарайт;

Гифка — графикалык, анимациялык өтө кыска видеолор;

Эр эңиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улакка ат алып, ага ысым таппай жатасызбы? "Манастагы" тулпарлар. III бөлүк
Стикер — "быйтыкчаларга" атаандаш жараткандар деп койсо болчудай. Стикер ар кандай образдарды берген графикалык сүрөттөр;

Флуд — интернет-форумдардагы же чаттагы мааниси жок сөздү, пикирлерди көп жазгандар;

Челлендж — мелдешип, бир аракетти жасоого чакыруу;

Репост — "репост кылып койчу" же "бөлүшчү" деген сөздү күнүгө эле угасыз;

Влог — видеоблогдун кыскартылып айтылышы;

Дакфейс — англисчеден сөзмө-сөз которо келгенде "өрдөк бет" дегенди түшүндүрөт, бул сүрөткө оозун чормойтуп түшкөн кыздарга карата айтылат;

Мессендж — билдирүү, жиберүү, жеке кат;

Тролль — социалдык тармактарда адамдардын шакаба чегишүүсү, кээде бул чагымчылдыкка да өтүп кетиши ыктымал;

Русско-кыргызский словарь налоговых терминов - Sputnik Кыргызстан
Брокер, маклер, дуополия, вето... Экономикалык сөздөрдүн эбин таба аласызбы?
Фэйк — англис тилинин "жасалма" деген сөзүнөн келип чыккан. "Фэйк" аккаунттар менен тынчымды алып жатат" деген сөздү көп эле угуп жүрсөңүз керек;

Аккаунт — колдонуучунун социалдык желеге катталышы, жалпак тил менен айтканда логин менен сыр сөздүн топтому;

Твит — Twitter колдонуучуларынын кыскача блогу;

Хакер — компьютер, смартфондорду "талкалап" кирген программист. Адатта белгилүү адамдар хакерлердин курмандыгы болот;

Тренд — бул сөз ар тармакта колдонулат. Ал эми социалдык түйүндөрдө окуянын белгилүү убакытка чейин актуалдуу болуп турганын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0