Ишенбек Абыкеев аскерден келгенден кийин бул жактан бүлө куруп, бир уул, үч кыздуу болгон. Улуу баласы Чыңгыз Абыкеев тагдырдын жазмышы тууралуу айтып берди.
Атасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан кыз туугандарын дароо үйүнө чакырып, 2018-жылды бирге тосушкан. Өзү да жакында Кыргызстанга келип, бул жактагы сиңдисинин тоюна катышып кетти.
— Россиянын бир бурчунда жашаган Натальянын атасын кантип тапканы кызык болуп жатат. Негизи качантан бери издеп баштаган экен?
Аскер бөлүгүнө барса, Абыкеев Шейшенбек Шаршеевич (паспорттогу аты ушундай болчу, бирок чын аты Ишенбек), дареги Кыргыз ССРи, Мин айылы (Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы деп толук жазылбай калган) деген маалымат бериптир. Анан Ишенбек эмес, Шейшенбек турбайбы деп издеп баштаптыр. Москвага барган сайын кыргыздардан сурап жүрүптүр. Канчасы табууга аракет кылганы менен майнап чыкпаптыр.
— Социалдык тармактар аркылуу издеген эмеспи?
— Ал убакта интернет жок болчу да. Бирок Биринчи каналдын "Жди меня" программасына кайрылып да таба албаганын айтып берген. "Одноклассники" тармагы пайда болгондо "Кыргызстан, Абыкеев" деп издеп, баарына жазып чыгат. Ошентип жүрүп 2017-жылы октябрь айында Нарын шаарында аскер кызматында иштеген Темирбек Абыкеев деген байкеге жазып, тагдырын баяндап бериптир. Ал "Мин" деген айыл жок эле деп, Миң-Булак айыл өкмөтүндө иштеген карындашына чалып сурайт. Анысы атамды тааный турганын айтып, номерин алып бериптир. Ошентип, атамды өзүнө чакырып, "кызың бар экен" деп айтса "шок" болуп калыптыр. Ошол жерден Натальяга сүйүнчүлөп, Skype аркылуу атасы менен кызын көрүштүрүптүр. Эжем "мен жашоонун көп кыйынчылыгынан өтүп, сизди таптым" деп ыйлап үйүнө чакырыптыр.
— Бул тууралуу атаңыз үй-бүлөсүнө кантип айтты, биринчи укканда кандай кабыл алдыңыздар?
— Ошол күнү шаардан келгенден кийин атам өзүнчө эле башкача болуп үйгө батпай, кирип-чыгып жатты. Акыры эмне болду деп сурасам, "Жүр, балам, үстүңкү кабатка чыгалычы, сөз бар,- деди. Чыксам акырын сөз баштап: "Чыке, эми сен улуусу болбой калдың, эжең бар экен,- дейт. Кандайча деп ар нерсе оюма кетти. - Ошо... аскерде жүргөндө 5-6 жолу шаарга чыкканбыз. Бир орус кыз менен сүйлөшчүмүн, боюна бүтүп калыптыр, эжең бар экен",- дейт. Мен күлүп, "эжем бар болсо кайра жакшы да" деп сүйүндүм. "Эми апаңа кантип айтабыз?" - деди. "Окуя сиздер баш кошконго чейин болуп жатпайбы" дедим. Ал убакта апам Бишкекте болчу. Барып биринчи карындаштарыма айтып, алар апама айтса, "эми атаңар жөн жүрбөйт да, эмне кылмак элек, кайра жакшы болгон турбайбы" дептир. Анан жолугуп келсин деп баарылап акча чогулта баштадык. Апам да пенсиясын берип, кызга эт, майда-чүйдө салып берип эки айдан кийин жөнөттү.
— Атаңыз өзү эле барып келдиби, кандай тосуп алышыптыр?
— Жок, аскерде чогуу болгон досу жана карындашым Диана болуп үчөө барды. Наталья "атам келет" деп үйүн ремонттоп, жууп-тазалап, жаңы килемдерин салып, үйүнүн ичинде ит бакчу экен, аны башка жакка алып барып катуу даярданыптыр. Күйөөсүнүн улуту белорус, ортодо бир баласы бар экен. Эжемдин кебетеси өзүбүзгө эле окшоп турат, мурду Шарше чоң атамдын мурдун эле коюп койгондой. Бир жума жүрүп, жаңы жылды ошол жактан тосуп келишти. Кайра Москвага алып келип узатып коюшуптур. Кийин жазда жүк ташуучу фура алалы деп калдык. Ал жездемдин ата-энеси, башкача айтканда, кудаларыбыз Минскиде жашайт экен. Атам ошол жакка барып, кудасынын жардамы менен фура тандап алып келген. Ошондо келе жатып да тийип келиптир. Өзүм былтыр жайда Москвага Футбол чемпионатында үйүнө барып учурашып келдим. Москвадан ары 300 чакырым экен, поезд менен үч саат жол жүрдүм.
— Наталья төрөлгөндөн кийин апасы атаңызды издебептирби? Негизи эле атаңыз анын кош бойлуу болуп калганын билген бекен?
— Жок, билген эмес да. 1984-жылы аскерден кайткан, Наталья 1985-жылы төрөлүптүр. Апасы кийин кат жазган эмеспи, же каты башка дарекке кетип калганбы, айтор байланышкан эмес. Окуучу кезинде улутун сурашса, Наталья "менин атам кыргыз" деп койчу экен. Таенеси каза болгондон кийин бир таежеси эле калып, турмушка чыгып, жакын 5-6 эле тууганы бар экенин айтты. Атамды тапсам деп жүрчү экен.
— Жакында Наталья өзү Кыргызстанга келген экен. Бул жактагы туугандарын көрүп кандай маанайда кетти?
Эң кызыгы, атам, чоң атам, бабам соодагер болушкан. Наталья да күйөөсү экөө Москвадан кийим алып барып Брянскиде сатып оокат кылат экен. Арзаныраак экен деп "Дордойдон" эки чемодан кийим алып кетти.
Жайкы сезондо да үй-бүлөсү менен келмей болду. Узатып жатканда "атамды жакшы кара, анын башы ооруйт, дарылансын, эгер акча керек болсо жөнөтөм" деп мени да ыйлатты...