00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ Бабановдун митинги боюнча тарапташтарына эскертүү берди

Жазылуу
Министрликтен айрым бир саясий күчтөрдүн чагымчылдык аракеттери тууралуу эскертүү берилген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши боюнча өткөрүлө турган митингдин демилгечилери, уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары мыйзам чегиндеги талаптарды аткарбаса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

"Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине байланыштуу ар кандай багыттагы акцияларды өткөрүү боюнча байма-бай маалыматтар тарап жатат. Ошол себептүү Ички иштер министрлиги кандай гана акциялар, митингдер, коомдук иш-чаралар болбосун коомдук тартипти сактоо менен анын мыйзамдуу өткөрүлүшү керектигин белгилейт. Коомдук иш-чаралар учурунда укук бузган аракеттерге жол берилбей тургандыгын эскертет", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен айрым бир саясий күчтөрдүн чагымчылдык аракеттери тууралуу эскертүү берилген. Бирок алардын кимдер экендиги так айтылган эмес.

"Ыкчам маалыматтарга ылайык, айрым бир саясий күчтөр чагымчылдык иш-аракеттерге барып, митингдин катышуучуларына терс таасирин берүүгө аракет кылуулары да мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында комплекстүү ар тараптуу аракеттер көрүлөрүн айткан.

Республика партиясынын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтоттук! "Республика" партиясынын билдирүүсү
Андан сырткары, мыйзам бузууларды, провокация жасоого аракеттенүү, коомдук тартипти бузуу жана жарандардын укугун бузууга байланышкан жагдайлар ачыкталса, кескин түрдө мыйзам чегинде чараларды көрүү менен бирге коомдук тартипти бузууга, мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги билдирилген.

Буга чейин "Республика" партиясы Бабановду тосууга 10 миңдей тарапташы чыга тургандыгы айтып, митингге уруксат берүүнү сурап Бишкек шаарынын мэриясына кат жөнөткөн. Митинг 13-апрель күнү саат 14.00дөн 20.00гө чейин өтөрү айтылган. Ал эми Бабанов Кыргызстага келүүнү, эл менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0