Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ Москве открылся первый вертолетный порт
В Москве открылся первый вертолетный порт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда кылмыш иши козголгон саясатчылардын көбү чет өлкөгө чыгып кеткен учурлар болгон. Алар мекенине кайткандан кийин кандай тагдырга туш болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жакында эле Өмүрбек Бабанов 13-апрель күнү Кыргызстанга келерин жар салды. Ал президенттик шайлоодо экинчи орунду алгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага карата эки кылмыш иши козголгон. Бирок кийинчерээк ал иштердин бири токтотулган. Ал эми УКМК март айында Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам боюнча жоопко тартыларын маалымдаган.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Учурда көптөгөн кыргызстандыктар укук коргоо органдары Бабановду кармайбы же кармабайбы деген суроолорду берип турган кез.

Sputnik Кыргызстан редакциясы чет жакта жүрүп келген саясатчыларды мекенинде кандай тагдыр күтүп тургандыгын эстеп көрдү.

Бул жерде кеп чет мамлекетке кылмыш иши козголгондон улам чыгып кеткендер гана эмес, иш менен барып кайра кайткандагы окуялар да тизмектелди.

Алмазбек Атамбаев

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Алмазбек Атамбаев
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев

Аскар Акаев президент болуп турган учурда Алмазбек Атамбаев анын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан сыртка чыгып кеткендигин айткан. Андан сырткары, Акаев анын бизнесине тоскоолдук кылгандыктан мекенинен качууга аргасыз болгонун жана кызына кол салуу жасалганын билдирген. Мындан кийин Атамбаев бизнеси жолго салынып калган Түркияда баш паанектеп турган. Андан кийин Кыргызстанга кайтып келип, эки ыңкылапка катышып, өкмөттү эки ирет башкарып, президенттик шайлоодо ташы өйдө кулаган.

Медет Садыркулов

© Фото / из семейного архива СадыркуловыхМедет Садыркулов
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Медет Садыркулов

Кыргызстандагы өтө акылдуу жана таасирдүү саясатчылардын бири, ал Бакиев мамлекетти башкарып турган учурда президенттин администрациясын жетектеген. 2009-жылдын март айында Казакстанга жумуштап чыгып, кайра келген соң тагдыры аянычтуу аяктаган. Биринчи версияда Audi-100 автоунаасы ичинде эки адамы бар Lexus жолтандабасы менен кагышып күйүп кеткендиги айтылып келет. Алардын бири президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов экендиги кабарланган.

Audi айдоочусу Өмүрбек Осмонов тирүү калып, абакка отургузулганы менен 2010-жылдын 21-апрелинде аны түрмөдөн бычактап өлтүрүп кетишкен.

Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгынан ажал тапкан кыргызстандык аткаминерлер
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин трагедия иликтелип, өлтүрүү операциясын буюрган экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев экени белгилүү болду. Маалыматтарда Садыркуловду Мамлекеттик күзөт кызматы менен кылмыштуу топтордун мүчөлөрү муунтуп жатканда Жаныш Бакиев карап турган деп айтылат. Тергөөнүн жүрүшүндө Садыркулов менен анын саясий технологу Сергей Слепченкону алгач өлтүрүп, андан соң жол кырсыгы болду деген сценарийди айтышкан. Кийин кылмышка катыштыгы бар Мамлекеттик күзөт жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү жоопко тартылып, эркинен ажыратылган.

Нариман Түлеев

© Sputnik / Табылды КадырбековНариман Тюлеев
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Нариман Тюлеев

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Бишкектин мэри Нариман Түлеев кызматтан алынып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми ушул эле жылдын 6-апрелинде Бишкектеги  "Манас" эл аралык аба майданынан кармалган. Сурак бир топ мөөнөттө болуп, андан соң камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин экономика боюнча беренелеринин негизинде жана 7-8-апрелдин түнүндө башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деген күнөө менен иш козголгон. Кийин ага Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берилип, "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен талапкерлердин катарына кошулган. Бирок 2012-жылдын 21-июнунда кармалган. Ага "мэр болуп турган учурда Кытайдан автобустарды сатып алууда мыйзам бузууларга барган" деген айып коюлган. Андан сырткары, 200 миллион сомго муниципалдык атайын облигацияларды чыгаргандыгына кине коюлган. 2013-жылы Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылып, 2016-жылы 60 миллион сомдук чыгымды калыбына келтирип, мунапыска туш келген.

Мурат Суталинов

© AFP / STRМурат Суталинов
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Мурат Суталинов

Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде мамлекеттин аймагынан чыгып кеткен. Бирок 2011-жылы декабрь айында жарандарды атуу боюнча сотко капыстан чет жактан келип катыша баштаган. Себеби бул сотто фигуранттардын бири катары өтүп жаткан.

Сот жараяндары жүрүп жаткан мезгилде бөйрөгү рак болгону үчүн алып салышкан. Операция жана химиялык нур менен дарылануу учурунда үй камагына чыгарылган. Суталинов астма жана айткысы келбеген эки илдет менен жабыркаарын билдирген. Жогорку Сот аны түрмөгө 20 жылга кескен.

Садыр Жапаров

© Фото / пресс-служба ЖК КРСадыр Жапаров
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров

Экс-депутат бир нече жыл сыртта жашап жүрдү. Бул мезгил арасында ага Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелеринин ("Өлтүрөм деп коркутуу","Барымтага алуу", "Бейбаштык", "Бийликтин өкүлүнө күч колдонуу") негизинде иш козголгон. 2013-жылдын 7-апрелинде Караколдо митингге чыккандар облустун ошол кездеги жетекчиси Эмилбек Каптагаевди автоунаага күчтөп отургузуп, кечирээк барымтага алып кетишкен. Жапаров аталган митингдин уюштуруучусу эле.

2017-жылдын 25-мартында УКМКнын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда Садыр Жапаровду кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып келишкен. Кишини барымтага алганы үчүн аны 2028-жылга чейин кесип, калган беренелер боюнча акташкан. Учурда экс-депутат жазасын өтөп жатат. Ал Кыргызстанга келет деген күнү тарапташтары уюштурган митингди милиция кууп таратып, бир канчасын кармаган.

Өмүрбек Текебаев

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoӨмүрбек Текебаев
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев

2017-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Вена шаарында жүргөн. Депутат ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн парламенттик делегацияны жетектеп барган. 25-февралда депутатка Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Выборы президента в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин
Россиялык ишкер Леонид Маевский УКМКга арыз менен кайрылып, Текебаев MegaCom компаниясынын акцияларын алууга жардам берем деп миллион доллар алганын айткан. Бул факты боюнча Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.  Текебаев 26-апрелде эртең менен  Кыргызстанга учуп келгенде "Манас" эл аралык аэропортунан кармалып, 8 жылга кесилген, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0