00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Селкинчек, отургуч, эшик жасашат. Ширетүү цехин иштеткен майыптардын видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги ширетүү цехин иштетип жан баккан майыптардын жумушу менен таанышып келди.

"Карек" ишканасынын жумушчулары балдарга селкинчектен тарта отургуч, стол, темир тосмо, темир тор, үй эмеректерине чейин жасайт. Алардын дээрлик бардыгы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Ишкананын мүдүрү Алмазбек Идирисовдун айтымында, "Карек" ЖЧКсы "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна өтүп, аталган цехти майыптар иштете баштаганына бир жылдан ашыптыр.

"Өзүмдүн дагы бир көзүм көрбөйт. Бала кезде чырпык кирип кетиптир. Учурда цехте жалпы 13 адам бар. Алардын тогузунун кулактары укпайт. Биз темирден ар кандай эмеректерди жасайбыз. Мисалы, отургуч, эшик, темир тосмо, терезе торлор ж.б. Көпчүлүгү өкмөттөн буюртма алып балдар аянтчасына селкинчек, отургучтарды даярдайбыз. Жумушчулардын кээси темир ширетсе, башкалары аларды сырдашат", — деди Идирисов.

Майыптардын колунан чыккан бир отургучтун баасы болжол менен 15 миң сом экен. Идирисов сырттан буюртма көп болсо, цехтин балдары айына 20 миң сомго чейин айлык алышаарын кошумчалады.

Предприниматель с ОВЗ Мирбек Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
8 жашында баспай калган Мирбек Мураталиев: компьютер оңдоп үй, унаа алдым
Таалайбек Ушумбаев 51 жашта. Цехтин эң улуусу. Фрезер станогун иштетип, темирден тетик жасайт экен. Биз барган учурда кагазга "мен тууралуу маалымат алам десеңер, балама чалгыла" деп жазып уулунун номерин берди. Баласы менен байланышсак, атасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Атамдын кулагы 7 жашында менингит оорусунан улам укпай калыптыр. Россиядан окуп келген. Кесиби боюнча темир уста. Көп жыл "Фрунзе" заводунда темир уста болуп иштеген. "Карек" ишканасына келгенине бир жылга чукулдады. 2018-жылы Ишкерлер ассоциациясы уюштурган тренингде темир менен иштөө боюнча биринчи орунду камсыз кылган", — деди Ушумбаевдин уулу Талгат.

Цехтин жетекчиси жумушчуларына тапшырма бергенди гана түшүндүрө алам дейт. Көбүнчө котормочунун кызматын колдонуп же жазышып сүйлөшөт экен. Биз барган учурда котормочусу жумуштап башка жакка кетиптир. Буга байланыштуу цехтин жумушчуларынын көбү менен кенен баарлаша алган жокпуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0