Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам

© Sputnik / Табылды КадырбековСоветник минобрнауки КР, юрист АРДИ Сейнеп Дыйканбаева
Советник минобрнауки КР, юрист АРДИ Сейнеп Дыйканбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейнеп Дыйканбаева бир да жолу жумуш издеп же ишсиз калган эмес. Анын айтымында, туура кесип тандагандар эч качан жумушу жок калбайт. Андан да адам өзүнүн күчтүү жагын билиши керек. Ошондо гана ийгиликтерди багынтып, максатына жете алат дейт.

Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин юристи, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Сейнеп Дыйканбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине башынан өткөргөн оңой эмес жашоосу жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди.

— Өзүңүз тууралуу учкай кеп кыла кетсеңиз.

— Бишкек шаарында орто жашаган интелигенттүү үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген адам, апам — филолог. Бирок мен төрөлгөндөн кийин апам кесибин таштаганга аргасыз болгон. Анткени дарыгерлер мага ДЦП деген диагноз коюшкан.

Илдетимди укканда башында апам "эмнеге менин балам ушундай төрөлүп калды" деп көп ыйлачу экен. Бирок кейип отура бербей, мени коомго аралаштырып билим, тарбиясын берип ушундай даражага жеткирди. Азыр 34 жашка чыгып калдым. Ошондон бери апам жумушун таштап бүт өмүрүн мага арнады десем болот. Азыркыга чейин ар дайым жанымда. Үй-бүлөмдүн дагы колдоосу, сүйүүсү менен мен өзүмдү эч качан кем сезген жокмун. Бактылуу болуп чоңойдум. 

© Фото / предоставлено Сейнеп ДыйканбаевойМайыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин юристи, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Сейнеп Дыйканбаева: үй-бүлөмдүн колдоосу, сүйүүсү менен мен өзүмдү эч качан кем сезген жокмун. Бактылуу болуп чоңойдум
Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам - Sputnik Кыргызстан
Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин юристи, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Сейнеп Дыйканбаева: үй-бүлөмдүн колдоосу, сүйүүсү менен мен өзүмдү эч качан кем сезген жокмун. Бактылуу болуп чоңойдум

— Ал кезде майыптыгы бар балдарды мектепке дагы оңой менен алышпаса керек?

— Ооба, бул жаатта көп эле кыйынчылыктар болду. Ал учурда азыркыдай туура маалымат, жардам, реабилитация жок, мени бутума тургузууда ата-энем аябай эле кыйналган. Майыптыгы бар баланы коомго кантип аралаштырып, канткенде туура багыт беребиз деп көп ойлонушкан.

Башында "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун бала бакчасында тарбияланып, эки жыл окудум. Андан кийин мектепке барабыз деп мэриянын билим берүү башкармалыгынын эшигин каккылай баштадык. Күндө барып, тажатып жатып акыры макулдугун алдык. Алгач үйдөн окудум. Бирок мага сабак берген мугалим эже "сен көптү билесиң, башың иштейт, үйдөн билим алууң жетишсиз, мектепке бар" деди. Ошентип мектеп босогосун 10 жашымда аттадым.

Азиздердин кыргыз федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева - Sputnik Кыргызстан
Кафелерде акчамды төлөп коюуга ашыккандар көп... Гүлназдын баяны
Ошол кездеги майыптыгы бар балдар окуй албайт деген кандайдыр бир тосмону биз бузуп өтүп, мындай балдардын да колунан көп нерсе келерин далилдедик десем болот.

Башында билим берүү башкармалыгынан "Сейнеп, мектепте сен эки жума эле чыдайсың го" дешкен. Бирок андай болгон жок. 11-классты жакшынакай аяктадым. Классташтарым менен мамилем абдан жакшы болчу. Жакшы окугандыктан көбү жардамга кайрылчу. Мектепке кеч баргандыктан тамашалап "аксакал" деп коюшчу (күлүп).

— Бир эмес, эки жогорку окуу жайдан билим алыптырсыз?..

— Мектепти артыкчылык менен аяктап, Бишкек гуманитардык университетинин социалдык иштер факультетине тапшырдым. Бирок ал жакта эки эле жыл окудум. Социалдык иштер менен ансыз деле алектенет экенмин деп күчүмдү Борбордук Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультетинен сынап көрүүнү чечтим. Негизи эле жашоомдо оңой нерсе болгон жок. Мектепке барарда деле, окуу жайга тапшырарда деле дараметимди далилдеш керек болду. Ал жактан да майыптыгы бар балдар окуп, мыкты боло аларын тастыктай алдым десем болот.

Жакшы университеттен билим алганыма аябай сүйүнөм. Анткени сапаттуу билимдин адамдын инсан болуп калыптанышына таасири чоң. Көп кишиден "жумуш таппай жүрөм" деген сөздү угам. Менде мындай учур болгон жок. Окуумду бүтөөрүм менен жумушка сунуш түштү. Май айында окууну аяктасам, июндан тарта эле иштеп баштадым. Ал жактан мектептердеги билим берүү тармагын мониторинг кылган эксперт болдум, андан кийин эл аралык уюмдарда эксперт болуп иштедим. 

© Фото / предоставлено Сейнеп ДыйканбаевойСейнеп Дыйканбаева: жакшы университеттен билим алганыма аябай сүйүнөм. Анткени сапаттуу билимдин адамдын инсан болуп калыптанышына таасири чоң.
Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам - Sputnik Кыргызстан
Сейнеп Дыйканбаева: жакшы университеттен билим алганыма аябай сүйүнөм. Анткени сапаттуу билимдин адамдын инсан болуп калыптанышына таасири чоң.

— Алгачкы тапкан айлык маянаңыз эсиңизде болсо керек?

— Негизи беш жашымда эле иштеп акча тапкам.

— Кантип?

— Ыр жазчумун. Жазган ырларым гезитке чыгып гонорар төлөп беришчү. Алгачкы гонорарым 100 сом болсо керек. 1990-жылдардын аягында бул аябай эле жакшы акча болчу. Ага апама белек алып, аябай кубандым эле. Ошондо көп ыр жазып, байысам деп кыялданчумун. Адам бай болсо маселе, көйгөйлөр оңой эле чечилип калат деп ойлочу экенмин. Көрсө, андай эмес экен. Байлыктан дагы баалуу нерселер көп экенине кийин көзүм жетти.

— Азыр ыр жазасызбы?

— Убактым болгондо анда-санда орус тилинде жазам. Негизи чыгармачылык адамды эмоционалдык чарчоодон арылтат экен. Кичине кезимде, эми эл деген эл да, ар кандай сөздөрдү укчумун. Кээде балдар "бакадай басасың" деп шылдыңдашчу. Ошонун баарын мен ыр менен чыгарып алчу экенмин. Ырларыма "бакадай басасың деп айтышты" деп кошуп жазып, ичимдеги эмоцияларды чыгарып алчу экенмин. Убагында бул мага өзүнчө бир терапия болуптур. Адам ичине баарын сактай бербей ыр жазып же спорт менен машыгып, айтор, ичиндеги букту бир нерсе менен чыгарып салышы керек экен.

Адамдарга азыр деле "ичиңерге сактабай бугуңарды, айталбай жүргөн нерселерди баракка түшүрүп же бир нерсе кылып сыртка чыгарып алгыла, болбосо ооруйсуңар" деп көп айтам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСейнеп Дыйканбаева: адамдарга "ичиңерге сактабай бугуңарды, айталбай жүргөн нерселерди баракка түшүрүп же бир нерсе кылып сыртка чыгарып алгыла, болбосо ооруйсуңар" деп көп айтам
Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам - Sputnik Кыргызстан
Сейнеп Дыйканбаева: адамдарга "ичиңерге сактабай бугуңарды, айталбай жүргөн нерселерди баракка түшүрүп же бир нерсе кылып сыртка чыгарып алгыла, болбосо ооруйсуңар" деп көп айтам

— Өмүр баяныңызды карасак майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинде юрист деп жазылып турат. Бул эмне болгон уюм жана ал жактагы милдеттериңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Коомдук бирикмеде укук коргоочу болуп иштейм. Майыптыгы бар балдардын жана алардын ата-энелеринин укугун коргойм, маселе, көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берем.

Бул коомдук бирикмени Тамара Жумабекова деген аял түптөгөн. Анын кызы да майыптыгы менен төрөлүп, мындай балдарга эч кандай шарт жок экенине көзү жеткенде ушул бирикмени ачкан экен. Ал убакта социалдык кызматтар, шарттар такыр эле жок болчу. Уюм көп жумуштарды жасап, майыптыгы бар балдардын укугун коргоо жаатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, шартты жакшыртканга бир топ эле салымы чоң. Майыптыгы бар балдардын укугу тууралуу айтып чыккан биринчи уюмдардын бири.

До мурашек — слепая девушка потрогала лицо Путина и сказала, какой он. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу
Айтып жаткан Тамара Жумабекова - менин апам. Башында ал бул бирикмени башка ата-энелерге үлгү болуп, тажрыйба бөлүшөйүн деп ачкан. Кийин бул чоң уюмга айланды.

Учурдан пайдаланып майыптыгы бар адамдардын "Равенство" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова тууралуу да айткым келет. Бул адам дагы майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо жаатында көп иштерди жасап келе жатат. Мындай аялдардын мүмкүнчүлүк, дараметин көрсөтүп, өздөрүнө ишенип, укугун коргоо боюнча тренинг, иш-чараларды өткөрүп келет. Анын арты менен бир топ кыз-келиндер жумуш менен камсыз болуп, турмушка чыгып жатат.

— Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси экенсиз. Бул кызматты кандайча аркалап калдыңыз?

— Азыркы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева менен университетте окуп, майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинде иштеп жүргөндө таанышкам. Ошол учурда ал президенттин аппаратында иштечү. Президент биздин бирикмеге грант бөлгөн. Өлкө башчы аз эле акча бердим деп келе албай калганын айтып, Гүлмира Каримовна келген эле. Азыркы министр мага ошондо эле жагып, ичимен "аябай акылдуу, сулуу аял экен" деп суктанып койгом. Кыялдар орундалат дегендей, эми бирге иштешип калдым.

Окуу жайды бүткөндөн кийин министрликтен чакыруу келди. Оюмда "коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган го" деп бардым. Барсам менден башка эч ким жок экен. Министр иш бөлмөсүнө чакыртып "сиз эми министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчисиз" деди. Чынын айтсам, күтүүсүз болду. Ошентип эки жылдан бери бул кызматты да аркалап келе жатам. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСейнеп Дыйканбаева: Ыр жазчумун. Жазган ырларым гезитке чыгып гонорар төлөп беришчү. Алгачкы гонорарым 100 сом болсо керек.
Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам - Sputnik Кыргызстан
Сейнеп Дыйканбаева: Ыр жазчумун. Жазган ырларым гезитке чыгып гонорар төлөп беришчү. Алгачкы гонорарым 100 сом болсо керек.

— Ал жакта эмне милдет аткарасыз?

— Бир гана майыптыгы бар адамдар боюнча эмес, билим берүү системасында жаралган бардык маселе боюнча иш алып барам. Жарандар ар кандай кайрылуу менен келишет. Алардын көйгөйүн министрге жеткирип, чечебиз. Мыйзамдагы билим берүү тармагы боюнча кеткен каталарды байкап калсак, алардын үстүндө иштейбиз.

— Майыптар тууралуу конвенция ратификацияланбадыбы. Бул өлкөдө эми майыптыгы бар адамдарга шарт жакшырат дегенди түшүндүрөбү?

Бронзовый призер ЧА по триатлону Жалалдин Абдувалиев - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз триатлет Абдувалиев: мас киши сабап экинчи көзүм да көрбөй калган
— Кыргызстан майыптыгы бар адамдар башкалар сыяктуу эле бирдей укукка ээ деген нерсени гана кабыл алды. Эми конвенциянын негизине ылайыкталган мыйзамдар жазылып, аларга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Бул жаатта мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар биргеликте чогулуп, мындан ары кандай иштерди жасоо керектигин сүйлөшүп чечет деген ниеттемин. Конвенциянын ишке ашуусуна бир гана мамлекет эмес, коомчулук да жардам бериши керек.

— Жеке жашооңузчу?

— Жеке жашоомду ойлоого азыр убактым жок. Жумуш менен эле жүрөм. Бирок келечектеги максатымда, албетте, үй-бүлө куруп, балалуу болуу бар.

— Билим, аракетиңиз менен ийгиликтерге жетип, жакшы жумуштарда иштеп жүргөн күчтүү айым катары жаштарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

— Адам башкысы эмне үчүн жашап жатканын билип, алдыга максат коюп жашашы керек. Эмнени кааласа, ага сөзсүз жетет. Бирок талбаган аракеттин аркасы менен гана. Мындан сырткары, адам өзүнүн күчтүү жагын гана таба билип, ошол жаатта өзүн өнүктүргөндө гана андан бир нерсе чыгат. Ошондой эле адамдын өзүнө болгон ишеними катуу болгондо гана ал өз алдынча инсан болуп калыптана алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0