МГУнун ачылбай калган филиалы: Билим берүү министрлиги мурунку жетекчиге шылтады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) имараты. Архив
 Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө филиал ачуу боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болгон эмес, бул маселе Канат Садыков министр болуп турганда талкууланганы айтылат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалын ачуу өкмөттөр аралык деңгээлде каралышы керек. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Буга чейин аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничий Кыргызстанда МГУнун филиалын ачууга алты ирет макулдугун бергенин айтып, бирок Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул маселе боюнча "эч нерсе айта албасын" билдирген.

Билдирмеге караганда, мурдагы жылдары өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө филиал ачуу боюнча маселе козголгон эмес. Бул тууралуу Канат Садыков министр болуп турганда талкууланган.

"Аталган маселени 2010-2014-жылдары Канат Садыков министр болуп турганда Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен талкуулаган. Бул маселе өкмөттөр аралык деңгээлде көтөрүлгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги аталган долбоор жогорку билим берүү системасын жана кыргыз-орус кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган маанилүү долбоор экенин белгилейт.

"Министрлик ушул маселени өкмөттөр аралык жолугушуунун күн тартибине киргизүү боюнча иш алып бармакчы. Учурда Москва мамлекеттик университети менен Кыргыз улуттук университетинин ортосунда (1999, 2000-жылдары жана кечээ, 27-мартта) түзүлгөн үч келишим боюнча кызматташат", — деп билдирет министрлик.

Деятельность ОшГУ - Sputnik Кыргызстан
ОшМУ Россиянын 12 университети менен кызматташа турган болду
Ал эми экс-министр Канат Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигине МГУнун филиалы каражат жана саясий маселелерден улам токтоп турганын билдирди. Анын айтымында, бул маселе жетекчи кызматтан кеткенден кийин да көтөрүлгөн.

"Бул боюнча 2004-жылы келишимдер түзүлө баштап, 2005-жылы дээрлик даяр болгон. Бирок саясий кырдаалдан улам 2010-жылга чейин токтоп калган. Андан кийин дагы эки ирет аракет жасалган. Анда Кыргызстанга жаңы имарат куруу, бюджеттен каражат бөлүү талаптары коюлган. Ага мүмкүнчүлүктөрдү издегенче актуалдуулугу жоголуп, кайра артка кеткен. Биз министрлик тарабынан бүт аракеттерди жасап, окуу пландарды иштеп чыкканбыз. Саясий жана каражат маселесине келип такалып калган. Бул маселе мен кызматтан кеткенден кийин да көтөрүлгөн. Бирок ага жооп бере албайм", — деди Садыков.

Белгилей кетсек, ушул тапта Москва мамлекеттик университетинин филиалдары алты мамлекетте иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0