БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстан боюнча эшектин саны 4,2 миңге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кыргызстандагы үй жаныбарлары | 2017-жылдын аягына карата саны | 2018-жылдын аягына карата саны |
Ири мүйүздүү мал | 1 575 434 | 1 627 296 |
Кой жана эчки | 6 077 775 | 6 167 949 |
Чочко | 52 169 | 51265 |
Жылкы | 481 329 | 498 684 |
Үй канаттуусу | 5 910 418 | 6 009 697 |
Төө | 228 | 246 |
Эшек | 33 144 | 28 941 |
Коен | 25 384 | 27 677 |
Бал аарылар уюгу | 111 690 | 118 996 |
Ошондой эле чочконун дагы саны азайганы айтылат. Мисалы, 2017-жылы өлкөдө 33 миң эшек болсо, 2018-жылдын аягында 29 миңи калган. Ал эми чочконун саны мурдагы жылга салыштырмалуу 900гө азайып, былтыр 51 миң башка түшкөн.
Тескерисинче кой, эчки, жылкы жана уйдун саны көбөйдү. Үй канаттууларынын дагы саны өсүп, 6 миллионго жетти (2017-жылы 5,9 миллион болгон).
Булардан тышкары бал аары, коен жана төөлөрдүн көбөйгөнү кошумчаланды.