ОШ, 27-фев. – Sputnik. Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан аймакта 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп, ал каза болду. Бул маалыматты шаардык милициядан тастыкташты.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан аймакта 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп, ал каза болду
Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан аймакта 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп, ал каза болду
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОкуя 26-февраль күнү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда болгон
Окуя 26-февраль күнү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда болгон
Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан аймакта 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп, ал каза болду
Окуя 26-февраль күнү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда болгон
Бетон плитанын алдында калган киши ошол жерде иштеп жатканы айтылды.
Билдирүүгө ылайык, окуя 26-февраль күнү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда болгон. Бетон плитанын алдында калган киши ошол жерде иштеп жатканы айтылды.
Кырсык болору менен жабыркаган кишини Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына алып барышкан. Маркум ооруканага жетпей каза болгон. Ал Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочусу экендиги такталды.
Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн тиешелүү медициналык экспертиза дайындалды.
Шаардык милиция тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.