00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошу улуу баласын операцияга алып кеткен. Таласта ис урган бүлөнүн окуясы

Жазылуу
Кырсыкка байланыштуу "Түндүк электр" ишканасынын Талас облусундагы филиалынын инспектору жана электромонтеру өз арызы менен иштен кеткен.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Суу айылында ис урган үй-бүлөнүн окуясы көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Каза болгон эненин өспүрүм кызы да көз жумса, дагы бир чүрпөсү учурда Бишкек шаарындагы ооруканада комада жатат.

Эске салсак, Кара-Суу айылында 37 жаштагы келин үйүн жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагып, анын кесепетинен иске ууланып кызы менен кошо көз жумган. Дагы эки баласы — 13 жаштагы уулу жана беш жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген.

Sputnik Кыргызстан кейиштүү окуянын чоо-жайын териштирип көрдү.

Үй-бүлө башчысы депутат болчу

Каза болгон келиндин кайнисинин (аты-жөнүн атагысы келген жок) айтымында, кырсыктын алдында үй-бүлө башчысы 11-класста окуган сыркоологон уулун Бишкекке операцияга алып кеткен.

"Окуя болоордон 10 күн мурда байкем улуу баласынын кулагын операция жасатканы Бишкекке кеткен. 19-февраль күнү жеңем да жумуштары менен Талас шаарына барыптыр. Ал күнү үйүнө адистер келип "электр жарыгына карызыңар бар экен" деп кызынын "апам келип төлөйт" дегенине болбой, жарыгын өчүрүшкөн. Үйгө келгенден соң жеңем сыртка от жагып, тамак жасап, үй суук болгондуктан "табы чыксын" деген окшойт, очоктун бир-эки чогун чакага салып үйгө алып кирип коюп, ошондон ууланышыптыр", — деди маркум келиндин кайниси.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Рустамбек Биримкулов каза болгон келиндин бүлөсү орто деңгээлде жашаарын, күйөөсү айылдык кеңештин депутаты экенин айтты.

Ооруканагы наристе. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт үч баласы истен ууланган бүлөгө акчалай жардам көрсөттү
"Келин чакага от жаккан эмес, сыртка тамак жасап көмүрдүн бир-эки чогун гана чакага салып, ошонун исинен ууланышыптыр. Жолдошу айылдагы жергиликтүү кеңештин депутаты. Ал эми аялы мурда чет өлкөгө барып иштеп келгенин уктук. Үй-бүлө орто шартта жашайт. Чоң үйүндө меши бар экен. Бирок кышкысын ал жактын жылыткычынын суусун төгүп полу жылуулатылган времянкада жашап жатышыптыр. Жарык өчүп калганда келин балдар үшүп калбасын деген окшойт…", — деди Биримкулов.

Эне баланын өлүмүнө себеп болгон — 2 497 сом

"Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева окуяга байланыштуу ишкананын Талас филиалындагы инспектору жана электромонтеру өз каалоосу менен иштен кеткенин билдирди.

"Маалыматтарды карасак, бул үй-бүлөнүн 2018-жылдын январь айынан бери эле электр энергиясына карызы бар болуп чыкты. Былтыркы жылдын январдан берки алты айынын карызын июль айында жабышыптыр. Кайра августтан баштап карызы көбөйүп отуруп, февралда туумдарын кошкондо 2497 сом болуп чыгыптыр. Болуп өткөн окуяга байланыштуу инспектор менен электромонтер жетекчиликтин үстөмдүгү жок эле өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу арыз менен кайрылган. Эми алар өз ишин инструкцияга жараша жүргүзгөн. Бул жерде кырсык электр жарыгын өчүрүп салгандан эмес, коопсуздук эрежесин билбестиктен келип чыгып жатат", — деди Мураталиева.

Кырсык боюнча келиндин жолдошу азырынча маалымат берүүдөн баш тартты.

Балдардын абалы

Последствия урагана Жанна в Гаити - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүндө эки баласы менен өрттөнүп кеткен аял. Окуянын чоо-жайы
Ал ортодо Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев ис уруп каза болгон келиндин ооруканага түшкөн экинчи кызынын абалы оор экенин билдирди.

Дарыгердин айтымында, беш жаштагы кыз аталган борборго кечээ алып келинген. Абалы өтө оор болуп, комада жатат.

Ал эми эркек баласынын абалы турукташып, 23-февралда Таластагы ооруканадан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0