БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаарына "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында 12-мартка чейин дагы бир катар көчөлөргө камера коюлат. Бул тууралуу мамлекетттик Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, камералар Бишкектеги тогуз көчөнүн кесилишине жана Бишкек — Ош, Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Торугарт автожолдоруна коюлат.
Бишкектин камера орнотула турган көчөлөрү:
- Бөкөнбаев — Манас;
- Чүй — Манас;
- Чүй — Павлов;
- Жибек Жолу — Манас;
- Махатма Ганди — Боталиев;
- Жибек Жолу — Курманжан датка;
- Ахунбаев — Байтик баатыр;
- Чүй — Абдрахманов;
- Байтик баатыр — Горький.
Андан сырткары, Шабдан баатыр менен Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөргө да камера коюлат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабында Бишкек шаарындагы он көчөнүн кесилишине камералар орнотулган болчу.