БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен орун басарлары маалымат жыйын берерин мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ЖМК өкүлдөрү каттоодон өтүшү керек. Журналисттер менен жолугушуу 5-февралда ИИМдин имаратында саат 9:30да болот.
Маалымат жыйында министрликтин кызматтарынын жетекчилери, Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышат. Иш-чарада "Кыргызстандагы ички иштер органдарынын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердиги жана сот реформасынын алкагында жаңы кодекс менен мыйзамдарды ишке киргизүү аракеттери" тууралуу сөз болот.
Журналисттер өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, кылмыштар тууралуу да суроолорду узата алышат.