Фархад Бекманбетов: циркти жөнгө салса болот, ага менин эрким жетет

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов
Генеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик циркке 43 жаштагы Фархад Бекманбетов жетекчи болуп дайындалды. Ал буга чейин КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы,"Айтыш" коомдук фондусунун жетекчиси, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп эмгектенген. Кинопродюсер катары таанылган жетекчинин юридикалык жана экономикалык билими бар.

Мамлекеттик цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев өткөн жылдын 20-декабрында ээлеген кызматынан бошотулган. Кыргыз циркинин айрым артисттери катардагы кызматкер Аида Акматованын талапкерлигин колдоп берүүнү талап кылып митингге чыгышкан эле. Тиешелүү министрлик жамаат көрсөткөн артисттин талапкерлиги мыйзамга туура келбестигин, Мамлекеттик цирктин жетекчиси үч жылдан кем эмес административдик башкаруучу кызматта иштеши керектигин айткан.

— Фархад Шаршенович, кызмат ордуңуз кут болсун! Ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

Өзгөчө митинг. Жогорку Кеңештин алдында өткөн акциянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө митинг. Жогорку Кеңештин алдында өткөн акциянын видеосу
— Рахмат. Кыргыз циркинде көйгөй көп. Негизинен чарбалык жана чыгармачылык деп эки багытта иш жүргүзөлү деп турабыз. Өзгөчө чарба жагында бир топ кемчиликтер бар. Бул ошол эле имараттын эскилиги, манеждин оңдоп-түзөөгө муктаждыгы, отургучтардын талкаланган абалы, имаратка баш бакканда эле мурунду жарган жагымсыз жыт, кызматкерлердин айлык акысынын аздыгы, артисттерге машыгууга зал жетпей жатса, имараттан бөлмөлөрдү ижарага алып иштетип отурган кафе, ресторандардын ыксыз көптүгү, короосунун жайма базарга айланганы жана башкалар. Буларды чечүү үчүн өзгөчө бир мыйзам же ири суммадагы акчанын деле кереги жок. Жамаат ынтымагы менен жетекчиликтин эрки жетиштүү. Ишти мына ушул өңүттөн баштайлы деп турабыз.

Ижарага алып колдонуп жаткан жети кафе, ресторан жөнүндө айта турган болсок, бүгүн эле документтери менен таанышып чыктым. Алардын кожоюндары менен да жолугуп сүйлөшүп, артисттер даярданганга керектелчү бөлмөлөрдү алабыз. Калган бош тургандары өз ишин уланта берет. Ал эми алдына жайылган жайма базарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мыйзамдын чегинде жок кылалы деп турабыз. Ошондой эле мал сарайлар жакын жайгашкандыктан сиңип калган жагымсыз жыт менен күрөшүү маселеси да курч. Буга өзүнчө долбоор даярдап, каражат талап кылуунун кажети жок. Болгону нормада көрсөтүлгөндөй, убакты-саатында тазалап туруу керек. Көрүүчүлөр отуруучу отургучтардын абалы да зээнди кейитет. Цирк кызматкерлеринин айтуусунда оюн коюлган соң отургучтарды кайрадан оңдоп чыгышат экен. Анткени алар эбак эле колдонуудан чыккан. Буга чейинки түзүлгөн сметада отургучтар 25 миң сомдон деп көрсөтүлүптүр. Менин оюмча, азыр андан арзан деле алсак болот. Айтор, чарбалык маселелерди чечүүдө колдо бар мүмкүнчүлүк менен мамлекет бөлгөн акчаны туура пайдаланып абалды оңдош керек. 

© Sputnik / Эркин СадыковАбубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов
Экс-заместитель министра культуры, информации и туризма КР, кинопродюсер Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов

— Сиздин талапкерлигиңиз көрсөтүлгөн учурда цирктин жамаатынан түзүлгөн адамдар тобу парламенттин алдына митингге чыккан. Алар Аида Акматованы жетекчиликке коюп берүүнү талап кылышты эле. Эгер алар каалаган талапкер дайындалбаса, жалпы иш ташташарын айтышкан. Маселе чечилдиби?

Отличник образования КР, заслуженный деятель Жетиген Чалапинов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чалапинов: окуу жайлардагы музыкалык аспаптардын эскилиги жетти
— Ооба, 28 адамдан турган артисттер тобу ушундай билдирүү жасаган. Алар мен дайындалгандан кийин каршылык иретинде маданият, маалымат жана туризм министрине жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан экен. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөндөй, арыз министрге эмес, цирктин жетекчисине жолдонушу керек эле. Андыктан, бул арыздар жокко чыгарылды. Мен 24-январь күнү дайындалдым. Ошол күндөн тартып бул адамдар жумушка чыгыша элек болчу. Бүгүн кээ бирөөлөрү келишти. Айрымдары болсо ден соолугуна байланыштуу ишин убактылуу токтото турган экен. Алар да айыккан соң өз кызмат ордуларына келебиз дешсе, башкалары ойлонуп көрөлү деп жатышат. Эми бул кызматкерлер боюнча айтарым, эгерде жакын арада жумушка чыгышса, мурда аркалаган өз иштерин жасай беришет, ал эми иштегилери келбесе, баары мыйзамдын чегинде каралат.

Жалпысынан циркте 56 кызматтык орун бар. Учурда анын алтоо бош экен. 11 штат оркестрдин карамагында. Алар учурда толугу менен иштеп жатышат. Мындан сырткары, беш бош орунга жаш артисттер ишке кирүү боюнча арыз жазып келишти. Буга чейин ал балдар цирктин башка чарбалык иштерин жасап жүрүшкөн экен. Ошондой эле келишим менен сыртта иштеп жүргөн, узак убакытка, кыска мөөнөткө кеткен артисттер бар. Алардын баары келишим мөөнөтү бүткөндө кадимки штаттык кызматтарына кайтат. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРФархад Бекманбетов: цирктин башкы милдети — өз өлкөсүндөгү күйөрмандарына оюн тартуулоо. Ошон үчүн "мамлекеттик" деген макамды алып, бюджеттен каржыланууда
Заместитель министра культуры Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Фархад Бекманбетов: цирктин башкы милдети — өз өлкөсүндөгү күйөрмандарына оюн тартуулоо. Ошон үчүн "мамлекеттик" деген макамды алып, бюджеттен каржыланууда

— Цирк — башка маданий жайлардан айырмаланып, өзүн-өзү каржылай ала турган мекеме дешет. Бул канчалык деңгээлде реалдуу?

— Мен буга кошулам. Чындыгында кыргыз цирки өзүн-өзү каржыласа болот. Имаратты ижарага берүүдөн түшкөн каражат бар, чет элден цирк келгенде да манежди ижарага алышат. Көрүүчүлөргө кызык оюндарды тартуулап, аншлаг менен өткөрүүгө эмнеге болбосун. Бул багытта биз кыргыз циркин дүйнөгө тааныткан "жигитовка" жанрын жанданталы деп турабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү, маданият жана миграция. Депутат Икрамовду "мыкты" кылган сыйлыктар
Цирктин башкы милдети — өз өлкөсүндөгү күйөрмандарына оюн тартуулоо. Ошон үчүн "мамлекеттик" деген макамды алып, бюджеттен каржыланууда. Аз болсо да маяна өлкө казынасынан төлөнүп жатат. Демек, аймактарды кыдырып оюн коюу цирк артисттеринин милдети жана аларды бардык керектүү нерсе менен камсыздап, гастролго жиберүү жетекчиликтин мойнунда. Ар бир мамлекеттик кызматкер өз иштеген жерине сый менен мамиле кылганды үйрөнсө, ошол тармак өнүгөт эмеспи. Алдыда мына ушундай иштерди иреттөө турат. Албетте, мунун баары эле бир күндө чечилип калбайт. Акырындык менен, мүмкүнчүлүктүн жетишинче материалдык базаны чыңдап туруп, андан соң талапты коебуз.

Мындан сырткары, өкмөткө цирк кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү боюнча да кайрылалы деп жатабыз. 

— Циркке жаңы дайындалчу жетекчиге министрлик конкреттүү талаптарды коет деп айтылды эле. Бул кызматка келишиңиз менен сизге кандай талаптар коюлду?

— Министрликтин койгон алгачкы эле талабы — каражат иштерин ачык-айкын жүргүзүү, цирктин айланасын иретке келтирүү жана анын беделин көтөрүү болду. Буюрса, бул талаптар ишке ашат деп үмүттөнөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0