БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Узундугу 1,2 метр болгон мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Билдирмеге караганда, Баривель деп аталган мышык болгону эки жашта.
"Бул сертификаты бар чемпион. Баривель — дүйнөдөгү эң узун үй мышыгы", — деп жандыктын кожойкеси Чинзия Тиннирелло жазган.
Мышыкты ченегенде узундугу 1,2 метр экени аныкталган.
Үй жандыгы Италиянын Виджевано шаарында жашайт. Кожоюндары аны башынан эле чоң болорун божомолдошкон.
"Биздин мышык менен сүрөткө түшүүгө кызыгып келгендер көбөйүп жатат", — деди кожоюндары.
Алар ошондой эле жаныбарынын жеке Instagram баракчасы бар экенин кошумчалашкан.