Мирхамид Токтогул: үй-бүлөдө сөз бүтпөш керек, бүтсө эле бир нерсе болот

© Фото / Айбек БайымбетовВедущий Мирхамид Токтогул
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып баруучу Мирхамид Токтогул учурда КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналында эмгектенет. "Тоолуктардын ток-шоусу", "Байыркынын издери" берүүлөрүн алып барып, унутта калган улуттук каада-салтты, тамак-аш, оюн-зоокту чечмелеп берген "Кыргыз таануу" көрсөтүүсүнүн автору.

Башынан ак калпагын түшүрбөгөн алып баруучу Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болуп, 12 бир тууганы, башкарма болуп иштеген атасы, Монголиядагы кыргыз көлү сыяктуу башынан өткөргөн бир топ кызыктуу окуяларын айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМирхамид Токтогул Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында төрөлгөн. Ошто да, Бишкекте да окуп, мектепти Каракол шаарынан аяктаган. 12 бир туугандын 11чиси, көп балалуу үй-бүлөдөн.
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында төрөлгөн. Ошто да, Бишкекте да окуп, мектепти Каракол шаарынан аяктаган. 12 бир туугандын 11чиси, көп балалуу үй-бүлөдөн.

— Бүгүн сиз менен жеке жашооңуз жана алып барган берүү, көрсөтүүлөрүңүз тууралуу сүйлөшүүнү эп көрдүк. Кайда төрөлүп, кандай үй-бүлөдө тарбияландыңыз эле?

— Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында төрөлгөм. Бирок ата-тегим Кытай, Ат-Башы менен чектешкен тоолуу Көк-Арт деген айылдан болот. Бала чагым бир эле айылда өткөн жок. Атамдын кызматына байланыштуу Ошто да, Бишкекте да окуп, мектепти Каракол шаарынан бүтүрдүм. Атам чарба кызматкери болчу. Агрардык институтта экономист адистигин аяктаган. Колхоз, совхоздо башкарма болуп иштеп жүрүп, кийин чек арада да атайын кызматтарда иштеп калды.

— Элинин менталитети, аба ырайы, жаратылышы үч башка болгон шаарларда окуптурсуз. Айырмачылыктар сезилди беле?

— Мени мектеп которгондор жакшы түшүнсө керек. Мындай көчүп-конуп, мектеп алмаштырууда сиңишип, көнүшүп кетүү жаш балага кыйын эле болот экен. Оштогу айылдан Бишкекке келгенде бир топ эле айырмачылык болду. Эки жердин менталитети, билим берүүсү, тарбиясы баары бир айырмаланып турат. Апам элдик оозеки чыгармачылыкка жакын, жамакташтырып сүйлөгөндүктөн, андан алган тарбия менен гуманитардык сабактарды жакшы көрүп окучумун. Айылда тыюу, салт, нарк көбүрөөк эмеспи. Ал эми шаарда эркиндик, сөз, тарбия, мамиле эркиндиги сезилген. Андан кийин эле Караколго көчүп кеттик. Ал жак кыргыз маданияты менен орус маданияты синтездешкен жер болчу. Каракол билим берүү жаатында Бишкектен кем калчу эмес. Кыргыздын не деген каймактары Көл калаасы Караколдон чыккан. Мен барган кезде да күчтүү мугалимдерге туш келип калдым. Азыркы салттуу билим, салмактуу дөөлөттөргө багытталышыма да алардын салымы зор. 

© Фото / Айбек БайымбетовМирхамид Токтогул: жубайым Шаакан Токтогул менен университеттен табышканбыз. Баш кошконубузга 10 жыл болду. Төрт балабыз бар.
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: жубайым Шаакан Токтогул менен университеттен табышканбыз. Баш кошконубузга 10 жыл болду. Төрт балабыз бар.

— Канча бир туугансыз?

— 12 бир туугандын 11чисимин. Көп балалуу үй-бүлөдөнмүн.

— Ата-энеңиз 12 бала менен жер которуп, көчүп-конуп жүрчү беле? Көп баланын жыргалы да, түйшүгү да болсо керек?

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу
— Биздин ортолорубуз алыс эле. Мисалы, менден улуу агам 1962-жылы төрөлгөн. Анын балдары биз менен тең. Ошондуктан 12 бала тең бир учурда чогуу болгон жокпуз. Бири окууну бүтүп кеткенде кийинкилер төрөлүп дегендей. Апам азыр "улуу эжелериң окууга тапшырып кеткенге чейин 9-10уңар бир үйдө болчусуңар" деп айтып калат. Өзүбүз балалуу болгондо апаман "баарыбызды кантип тарбиялап, чоңойттуңуз эле" деп таң калып, баа берип сурап калабыз. Анда апам "бир ата, бир энеден төрөлгөн балдар ойлору да бир болуп, бири-бириңерди өзүңөр эле багып чоңойгонсуңар" дейт. Ал киши баарына үлгүрчү. Атам чарба кызматкери болгондуктан үйдөн киши үзүлчү эмес. Апам дагы деле "бир күндө беш-алты жолу тамак жасаган күндөрүм" болгон деп айтып калат. Атам жумушка кетерде "бүгүн мынча киши келебиз" деп кетип калчу экен. Кемпири өзү мал союп, бардык жумушту бүтүрчү экен.

— Малды да өзү сойчу бекен?

— Негизи аял киши мал сойбойт да. Эркек кишиге ырымын жасатып, мууздатып же кошуна-колоңдун эркектери жок болуп калса улуу агама колун ырымдатып тийгизип туруп өзү союп, жиликтеп, бышырып устукан кылып даярдап койчу. "Эркектин атын аял, анын казан-аягы чыгарат" дегендей, апам конокту эле жакшы тосуп койбой, кол өнөрчүлүк менен алектенип, сокмо, терме жасап (бул боюнча кийин сабак да берип калды), эмчи-домчулук да өнөрү бар болчу.

Атам мен окуу жайга тапшырганда каза болуп калган, апам болсо биз менен. 

© Фото / Айбек БайымбетовАлып баруучу: азыр балам мен эмне кылсам, ошонун баарын туурайт. Мындан сырткары, айткан сөзгө туруш керек.
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу: азыр балам мен эмне кылсам, ошонун баарын туурайт. Мындан сырткары, айткан сөзгө туруш керек.

— Бир туугандарыңар менен тез-тезден кабарлашып, катташып турасыңарбы?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Туугандык мамиле жакшы. Урбанизация же шаарлашуу адамдын көр оокатын, жашоосун жеңилдеткен менен катыш, туугандык деген мамилени суутуп коет экен. Телефон чалып, видеочалуу менен сүйлөшкөн күндө дагы жүз көрүшүп чогуу отурганга эч нерсе жетпейт да. Туугандык мамиле жыл санап башка нукка өтүп баратат. Аны ашкере шаарлашкандар эле унутпаса, көпчүлүк кыргызда күйүп-бышып туугандын ал-абалын суроо, катыш деген маселе дагы деле бар. Эл катары бизде дагы бар. Азыр мени кошкондо төртөөбүз шаардабыз. Эжелеримдин бири Көлгө турмушка чыкса, экинчиси Ошто, Нарында, Баткенге да кетишкен. Байкелерим да өлкөнүн жети дубанынан аял алган. Баарыбыз жолугуп турабыз.

— Кайсы адистикти аяктадыңыз эле?

— Кыргыз-түрк "Манас" универистетинин тарых бөлүмүндө билим алгам. Көбүнчө этнография жаатына басым жасачумун.

— Эл адамы болуп телеге чыгып, радиодон сүйлөө кичинеңиздеги кыялыңызбы же көпчүлүк балдардай эле учкуч, милиция болгуңуз келчү беле?

— Атамдын Партизан Арзыкулов деген иниси бар эле. Ал Ош облусунун прокурору болуп иштечү. Бирок киши колдуу болуп каза тапкан. Ошол кишинин жумушу да, аты да биздин үйдө көп аталчу. Менден "келечекте ким болосуң?" деп сураганда түшүнбөй эле прокурор болом деп жооп берчүмүн. Кийин ой калыптанып калганда медиа тармагына барам деп максат кылгам.

Баса, бала кезде эмнеге таасирленсең ошону жасагың келе берет го. "Ак илбирстин тукуму" тасмасын мен кичине чагымда көрүп аябай таасирленип, негедир Кожажаштай мергенчи болгум келе берчү. Тоо, кыргыздын табияты, илбирс, кийик, жаа — баары мээмдин нейрондоруна чейин сиңип, көпкө чейин мергенчи болууну самап жүрдүм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМирхамид Токтогул: "Ак илбирстин тукуму" тасмасын мен кичине чагымда көрүп аябай таасирленип, Кожажаштай мергенчи болгум келе берчү. Тоо, кыргыздын табияты, илбирс, кийик, жаа — баары мээме сиңип, көпкө чейин мергенчи болууну самап жүрдүм.
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: "Ак илбирстин тукуму" тасмасын мен кичине чагымда көрүп аябай таасирленип, Кожажаштай мергенчи болгум келе берчү. Тоо, кыргыздын табияты, илбирс, кийик, жаа — баары мээме сиңип, көпкө чейин мергенчи болууну самап жүрдүм.

— Теле тармагына качан, кантип келдиңиз?

— Телевидениеге чейин кыргыз радиосунда 2008-жылы "Чогултур" деген радиоуктуруу алып чыккам. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" деген чыгармасында кыргыздын кырк уруусунан кырк жигитти чогулткан Чогултур деген кейипкер бар эмеспи, уктуруунун аты ошондон улам келип чыккан. Анда кыргыздын салттуу баалуулуктары, улуттук дөөлөт мурастары тууралуу сөз болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан агенттигинин редактору Канышай Бешбаева менен маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кудаларга даңк! Депутат Садык Шер-Нияздын редактор Канышай Бешбаева менен маеги
Андан кийин эле Назира Аалы кызы теле жаатына чакырып калды, ошону менен уктуруум чыкпай калды. Телеге келип санжыра, кыргыздын уруулары тууралуу "Кырк ууз" деген таанып-билүүчү, иликтөөчү көрсөтүү даярдадым. Бирок ал көрсөтүү көпкө узаган жок. Айрым саясий ишмерлердин тек-жайына сөз тийип кеттиби, айтор, жабылып калды. 2013-жылы тиш өткөн тармакты талдайлы деп "Байыркынын издери" деген берүү ачтык. Анда жалаң экспедиция, археология тууралуу сөз кылчубуз. Окумуштуулар тарабынан изилденген нерсенин биз теле вариантын жасап, сибирь элдери Тыва, Хакасия, Алтай, Монголияга чейин барганбыз. Чыгармачылык сапарыбызда мөлтөн кыргыз, шөлтөн кыргыз урууларына жолугуп, уруулук параллелдерди таап келгенбиз.

— Экспедициялык сапарда көп эле кызыктарды көрсөңөр керек…

— Ар бир сапарыбыз кызыктуу болуп жатты. Берүүлөрдү ат чапкандай эле чаап барып тартып кетип аттык. Ошол сапарлардын ичинен эсимде калганы Монголиядагы Кыргыз көл же Хергес нур болду. Китептен, окуу жайдан кыргыздын ата-теги ошол жакта бар экенин окуп жүрчүбүз. Бирок аны өз көзүбүз менен көргөн учур сөз менен айтып бүткүс. Унаабыз бузулуп, күндөп-түндөп атып араң жеттик. Ал жакта окуучулардын бир лагери бар экен. Жетекчиси чыгып: "Мына бул кыргыз көлү, бул жакты кыргыздар жердеген",- деп айтып бергенде аябай толкунданып, таасирлендик эле. Жүз чайып, колу-бетибизди жууп тилек кылып кеткенбиз. Керемети бир башкача туюлду. Чардак учкан, мемиреген көл экен. 

© Фото / Айбек БайымбетовМирхамид Токтогул: апам азыр биз менен. Чыгармачылыкка жакын, жамактатып сүйлөйт, кол өнөрчүлүк менен алектенип, сокмо, терме жасап, эмчи-домчулук да өнөрү бар
Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: апам азыр биз менен. Чыгармачылыкка жакын, жамактатып сүйлөйт, кол өнөрчүлүк менен алектенип, сокмо, терме жасап, эмчи-домчулук да өнөрү бар

— Улуттук баалуулуктар тууралуу көрсөтүү да чыгат деп жаттыңыз эле?

— Ооба, ал "Кыргыз таануу" деп аталат. Көрсөтүүнүн автору менмин, бирок аны Шаакан Токтогул алып барат. Мисалы, "Тоолуктардын ток-шоусу" көрсөтүүсүндө теория сүйлөнсө, "Кыргыз таанууда" материалдык маданият тууралуу кеп болот. Берүүдө улуттук тамак-аш, оюн-зооктун унутта калган түрлөрү айтылат. Мисалы, берүүгө кадимки эле гүлазыктын 62 түрүн жасаган апалар келген. Алар жылкынын, жаныбарлардын аң этинен жасалган гүлазык, өсүмдүктөрдүн кандай даярдаларын бүт айтып берген. Мындан сырткары, буламыктын балага болгон пайдасы, ал кантип иммунитетти көтөрөрү тууралуу да жакшы кептер козголгон. Ошондой эле унутта калган улуттук оюндар тууралуу да жакшы эфирлер чыкты. Айтор, билгенден биле элегибиз көп экен. Ошонун баары "Кыргыз таануу" берүүсүндө айтылат. Баса, боорсок жамандыкта башкача, жакшылыкта башкача кесилерин билчү белеңер? Жамандыктын боорсогу төрт чарчы кесилет экен. Бул деген "жамандык ушуну менен бүтсүн" деген маанини билдирсе, тойлордо ромбик түрүндө кесишчү экен.

— "Кыргыз таануу" берүүсүнүн негизинде китеп чыгаруу тууралуу ой болгон эмес беле?

Жаштар арасында көзгө басар комузчулардын бири Закирбек Дүйшөнбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Закирбек Дүйшөнбек уулу: эки кол чабылмайын үн чыкпайт, ажырашкым келген эмес
— Мындай китептер чыгып жатат. Коңшу казактардан сырты кийиз менен жасалгаланган казак элинин жаралгандан баштап тарыхы тууралуу чоң китеп көрдүм. Ушул сыяктуу кылып чыгарса болот. Грузин эли кыздарын турмушка узатаарда "Жолборс терисин жамынган баатыр" китебин себине кошуп салып берет экен. Ошол сыяктуу биз да кыздарды узатып жатканда себине улуттук баалуулуктар тууралуу китеп же "Манас" эпосун кошуп койсок, эмнеге болбосун. Кийин эне болгондо балдарына окуп берип, ошо менен тарбияламак.

— Келинчегиңиз Шаакан Токтогул улуттук баалуулуктар тууралуу макала жазып, берүүлөрдү алып барып жүрөт. Сизден үйрөнгөнбү же?..

— Жубайым менен университеттен табышканбыз. Баш кошконубузга 10 жыл болду. Төрт балабыз бар. Досторум да "экөөңөр окшошсуңар, кайдан табыштыңар эле?" деп сураганда "4500 китеп окуган кишини жөн адам ойлоп жатасыңарбы" деп тамашалап калам. Келинчегимдин пайдубалы, үйүндөгү тарбиясы ушундай экен. Негизи эле көз караш туура келгенде анан ал адамга баш кошосуң да. Экөөбүздүн көз карашыбыз дал келип калды. Негизи эле үй-бүлөдө сөз бүтпөш керек. Сөз бүтүп калган эле үйдө бир нерсе болот. Ошентип экөөбүз бири-бирибизге дем берип жүрөбүз.

— Балдарга берген тарбияңар да кызык болуп жатат…

— Бала тарбиялаш чынында кыйын экен. Биздин балдар азыр кичинекей "кой, турду" биле элек. Улуу адамдар менен көп жүрүп калдык да, анан алар бала тарбиялоодо "өзүң түз жүр, өзүң көрсөт, өзүң ошондой бол" деп айтып калышат. Чын эле азыр балам мен эмне кылсам, ошонун баарын туурайт. Мындан сырткары, айткан сөзгө туруш керек. Мисалы, тазалык, улуттук баалуулук тууралуу сүйлөйбүз, бирок ошол айткан нерсебизди аткарабызбы? Ага да жооп бериш керек. Ошол нерсени балдарга да үйрөтүш керек. Тарбиянын түшүмүн балдардан аласың.

— Качан көрсөк, башыңыздан ак калпагыңызды түшүрбөй кийип жүргөн болосуз. Белгиси, оюусу да эч өзгөрбөйт…

Дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Кайыпов: айтыш жолго түштү, Манас ЮНЕСКОго кирди, дастанчылык четте ыйлап турат
— Бир байке да мурда "деги калпагыңды чечесиңби?" деп сураганда, тамашалап "түнү да атайын жип тагып алып кийип жатам" деп күлдүм эле. Албетте, үйдөн жатаарда чечем. Бизде атам калпагын түшүрчү эмес экен. Апам да көк, күрөң, кара кыюу кылып үч эркек баласына окшоштуруп калпак кийгизип койчу. Бул улуттук баш кийимге бала кезден эле көнгөм. Мурун кийимдин бир бөлүгү катары эле кабыл алсам, кийин анын тарыхы, кадыры, философиясы мени аябай таасирлентти. Калпак — миңдеген жылдарды карыткан баш кийим. Эң башкысы — аны биз кыргыз болгонубуз үчүн кийишибиз керек. Калпагыма курама белги түшүрүлгөн. Айбек Байымбетов деген дос балам чийип берген. Ал — асман, жер, адам, эр дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0