Мекендешибиз Сирень Келдибек кызы Түркиядагы тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүн башкарат. Кыргызстандан да кол үзбөй, окуган мектебине көмөктөшүүнү көздөп жүргөн кези. Журтташыбыз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы баарлашты.
Маектешибиз Сирень 2009-жылдан бери Стамбул калаасында жашайт. Ал түрк тилин билбесе да күчүн сынап, ишканалардын бириндеги сынакка катышып көрөт. Канчалаган мигранттардан айырмаланып Сирендин бактысына бөтөн мамлекеттен кеңседе отуруп иштөө буюрган.
— Кандайча жер которуп калдыңыз?
— Жолдошум 1997-жылы Кыргыз-түрк Анадолу лицейин аяктап, жогорку билимди Түркиядан алган. Кыргызстанга келгенинде таанышып калдык, баш кошкондон кийин кайра Түркияга жер котордук. Жолдошумдун арты менен башка жерди байырлап калдым. Ал жарнама боюнча дизайнер. Өзүм Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар бөлүмүн аяктагам, кесибим боюнча педагогмун.
— Бала кезде ким болууну самачу элеңиз?
— Апам склад башчысы болчу, мен да апамдай дүкөнчү болууну кыялданчумун.
— Кайда, кандай өткөрдүңүз эле балалыкты?
— Түбүм Нарын облусунун Оттук айылынан. Балалыгым ошол айылда жана Чолпон-Ата шаарында өттү. Балалылыгыбыз азыркы балдардыкына караганда башкача эмес беле. Экология таза, тамак-аш алда канча пайдалуу, адамдардын да көз карашы бөлөкчө. Апам жумушта, үйдө биз, 8 небере, таята-таенем менен калабыз. Үй куруп, бөлмөлөрдү таштан жасап, баткактан идиш, нан бышырымыш болуп, дүкөнчү болуп ойноп, селкинчек тээп, чоңураагыбыз кичинебизди карап чоңойдук.
— Башка жакта жашайм, бөлөк жерде иштейм деп кыялданчу белеңиз?
— Чет жактарга көп чыксаңыз, үй-бүлө менен ишти айкалыштыруу кыйын эмеспи?
— Иш боюнча сапарга көп чыгууга туура келет. Айрым учурда баш тартам. Колумдан келишинче үй-бүлөмө да көбүрөөк көңүл бурууга тырышып, ишти да бирге алып кетүүгө аракеттенем. Жолдошумдун жардамы да, колдоосу да аябай чоң.
— Түркияда жайгашкандан бери канча иш жерин алмаштырдыңыз?
— Азыркысы үчүнчү ишим. Алгачкысы деле экспорт жаатында болчу. Ошол жерде беш жыл эмгектенип, бул тармак боюнча көп нерселерди үйрөндүм. Түрк тилин өздөштүрдүм. Экспорт эмне, кандай документтер керек, бажы маселелери, талаптары, айтор, абдан чоң тажрыйба топтодум. Ортодо момпосуй чыгарган фирмага чакырылып, ал жакта да өзүмдү сынап көрдүм.
— Кыргыз кыздары ал жакта жакшы иш таап кетиши татаалбы?
Мен иштеген жер кондитердик кошулмаларды өндүргөн Түркиядагы алдыңкы фирмалардан. Бул ишканада КМШ өлкөлөрү жана Россияга сатуу боюнча экспорт бөлүмүн жетектейм. Ишкерлер менен келишим түзөбүз, өлкөлөрдүн маркетингин изилдейм, дүйнө жүзүндөгү биздин тармакка тиешелүү ар кыл жарманкелерге катышам. Жумушум өзүмө жагат, аябай кызыктуу. Ар бир өлкөнүн маркетингин жакшы жасап, ошол багытта арыш таштоо зарыл. Колумдан келишинче өздөштүрүп жатам, дагы көптү үйрөнүшүм кажет. Алдыда дагы көп нерселер күтүп турат.
— Бизнес жаатындагы адис, бизнес сырларын үйрөнүп калган киши катары кыргызстандыктарга кандай кеңеш берер элеңиз?
— Биринчи кезекте тил табышып, мамиле кура билүү керек бул иште. Кыргызстанда текстиль жакшы өрчүгөн. Мамлекет тарабынан колдоо болсо, кичи ишканаларга, чакан бизнестерге шарт түзүлсө, жолго коюлар эле дейм.
Ишкерлер көбүнесе борбор шаарга же борборго жакын жерлерге иш курууга ашыгат. Менимче, аймактарды өнүктүрүү программасын улантып, ишкерлер өз ишканасын, фабрика, заводдорун борбордон обочо жайгашкан райондордо да уюштуруусуна өкмөт өбөлгө болуп бергени түзүк эле.
— Түркияда эмнелерге суктанасыз, Кыргызстанда да болсо деп кыялданасыз?
— Түрктөрдүн мекенчилдигине, байрагын дили менен сүйгөнүнө, калкынын иштермандыгына жана алдыга озгон тейлөө тармагына суктанам.
"е-девлет" электрондук өкмөт тутуму жакшы жолго коюлган. Ошол система бизде да өнүксө дейм. Анда элге, ишкерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баары топтолгон. Бюрократияны четке кагып, убакытты үнөмдөйсүң. Өндүрүш жана экспорт абдан өнүккөн. Түркиянын атын тааныткан өндүрүшчүлөр дайым колдоого ээ.
Жеке баамымда, биз жалкоороок келебиз.
— Канча балаңыз бар? Алардын билим алуусу же бала бакчасы туурасында да кеп кылсаңыз.
— 2 балабыз бар. Уулубуз 11 жашка чыгат. Азыр 6-класста окуйт. Кызыбыз алты жарым жашта, 1-класста.
Кызыбыз дагы байкеси менен бир мектепте. Азырынча кичине, ошентсе да шахмат ийримине барат, сүрөт тартууга шыктуу. Күн жылыганда бий, балет же гимнастикага берсекпи деп ойлонуп жүрөбүз. Колубуздан келишинче балдарга көңүл бурууга тырышабыз. Стамбул — дүйнөдөгү алтынчы чоң калаа. Мегаполис болгондуктан, абдан жакшы ийримдерге жол алыстык кылат.
— Балдар кыргыз тилин билишеби? Кыргызстанда эки тилди бирдей алып кетишет. Түркияда жашап, эне тилин, орус тилин үйрөнбөй калышат деп кейибейсизби?
— Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Кыргызстандан келгендер да көп. Балдардын чоң энеси, туугандар дегендей. Алар түркчө билбейт, кыргызча сүйлөшөт. Бирок Ата Журтта өз элиң менен өз эне тилиңде сүйлөп жашоого эмне жетсин!? Буга кейийм, албетте, бирок кейий бергенде да эмне, белибизди бекем бууп, оокатыбызды кылып келебиз.
Балдарым кыргыз, түрк, англис тилинде сүйлөшөт. Кыргызча жазууну гана эптей алышпайт. Орус тилин да үйрөнүп жүрүшөт.
— Кыргызстанга жылына канча каттайсыз? Эмнелерди сагынасыз?
— Өзүм кээде 3-4 жолу, үй-бүлөм менен жылына бир же эки жылда бир келебиз. Тоолорду, шар аккан сууну, таза абаны, тамшанткан тамактарын сагынабыз. Үрп-адат, салт-санаасы эске түшөт, жакындарыңа куса болосуң. Кайтсакпы дейбиз. Жашыраак кезде билинбейт, бирок кыркка чукулдай баштаганда тууган жердин топурагы тартат өңдөнөт. Антсек кайра Кыргызстандагы тууган, тааныштар: "Эмне кыласыңар келип? Кыйналасыңар кайтсаңар, жүрө бергиле ошол жакта", – деп айнытышат. Баарын убакыт көрсөтөр.
Кыргызстанда бир чакан ишкана ачсакпы деп көздөп жүрөбүз. Бирок өзүң башында турушуң керек экен. Аны өнүктүрүп алган соң кайтууга кам урабыз. Россиялык ишкерлерге да кеңеш берүүчүлүк ишмердикти баштагам, ал да уланып кетсе дурус болмок. Маңдайга жазылганынан эмеспи баары.