Баткендин бир айылы тойдун чыгымын чектеп, калыңды азайтты. Репортаж

© Фото / Замира АбдраимоваЖизнь в селе Ак-Турпак Баткенской области
Жизнь в селе Ак-Турпак Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Турпак айыл аймагында быйыл той көп болду. Анткени алар той өткөрүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүп, чыгымдарын эки эсеге кыскарткан. Айылдыктар мурда тойдон кийин карызын санап отуруп калса, азыр түшкөн акчага унаа сатып алып айдап жүргөнүн айтышат. Баса, бул жакта калыңдын баасы да азайган.

Кыргызстанда жакшыраак той өткөрүү үчүн бери дегенде 500 миң сом керек дешет. Эл арасында "эки-үч жыл Россияда тер төгүп чогулткан акчасын бир күндө чачып той өткөрөт да кайра келинчегин алып иштегени кетет" деген кептер айтылып жүрөт. Буга чейин сызга отургузган тойлор жана андагы инсультка жеткирген насыялар тууралуу да жазганбыз

Ресторанда стол даярдап жаткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгердин 70, райондук гезиттин 80 жылдыгы. Мамлекет өткөргөн 105 той
Бул маселени активисттерден тарта депутаттарга чейин байма-бай көтөргөнү менен иш жүзүнө ашкан эмес. Ушул жазда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге конкурс жарыялаган. Анын да башкы максаты ысырапчылыкка бөгөт коюу болуп саналат. Бирок аягы эмне менен бүткөнү белгисиз.

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтү ыксыз чыгым, ысырап той-аштарга иш жүзүндө бөгөт койду. Октябрь айынын башында жергиликтүү бийлик эл менен биргеликте тойлордун жобосун иштеп чыккан. Мындай эреже менен 100гө чукул үй-бүлө той өткөргөн.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Алчыбай Төралиев буга чейин той өткөрөм деп банктан насыя алган, карызга баткан учурлар көп кездешкенин белгилейт. 

© Фото / Замира АбдраимоваАлчыбай Төралиев 2005-жылдан бери Ак-Турпак айыл өкмөттүн башкарууда
Глава айыл окмоту села Ак-Турпак Алчыбай Торалиев - Sputnik Кыргызстан
Алчыбай Төралиев 2005-жылдан бери Ак-Турпак айыл өкмөттүн башкарууда

"Той сезонунун алдында айыл өкмөттүн курамындагы 14 айылдын башчыларын, аксакалдарды, аялдар жана ден соолук комитетин, имамдарды чакырып жыйын өткөргөнбүз. Анда көпчүлүктүн колдоосу менен үнөмдүү жана пайдалуу той өткөрүүгө макулдаштык. Муну көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Байкасак, элибиз жайы менен жер тытмалап дыйканчылык кылып тапканын бир күндө чачып салат экен. Анан да элдин 90 пайызы банктан насыя алып, суммасы 100 миллион сомго жетиптир. Насыя алгандар менден жашаган жери тууралуу маалымат кат сурашат да, ошодон улам билем", — деди Төралиев.

Бекитилген эрежеге баш ийбегендер айыпка жыгылып же жазага тартылбайт. Аларды элдин жазылбаган мыйзамы менен уяткарышат экен. 

© Фото / Замира АбдраимоваБаткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтү ыксыз чыгым, ысырап той-аштарга иш жүзүндө бөгөт койду
Жизнь в селе Ак-Турпак Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтү ыксыз чыгым, ысырап той-аштарга иш жүзүндө бөгөт койду

Cвадьба в Ханое - Sputnik Кыргызстан
Дүңгүрөгөн тойлор! Салымбековдун уулунан Курсан Асановдун кызына чейин
"Той өткөрүү эми оңой болуп калды. Бир бодо мал менен коноктордун баарын узатасың. Кудалардан башка эч кимге өзүнчө кой союлбайт. Үйлөргө коноо (10-15 конокту кошунасы үйүнө алып барып сыйлайт — ред.) берүү токтотулду. Азыр той бергендердин 200-300 миң сому чөнтөгүндө, 30дай кою короосунда калууда. Айылдыктар рахматын айтып, айрымдары "той кылууга чамабыз жетпей жаткан, эми биз дагы өткөрсөк болот экен" деп калышты. Башка айыл өкмөттөр да биздин жобону сурап ишке ашырабыз деп отурушат", — деди айыл өкмөт башчысы. 

Ошондой эле ал өлүм-житимдерге да чектөө коюлганын айтып улгайган киши өтсө бодо мал, жаштар каза болгондо бир гана кой союларын белгиледи.

Айыл тургуну Жантилла Бердиев 1-декабрда баласын үйлөнткөн. Ал жаңы эреже менен той өткөрүп, чыгымы эки эсе аз болгонун айтып берди. 

© Фото / Жантилла БердиевЖантилла Бердиев 1-декабрда баласын үйлөнткөн. Ал жаңы эреже менен той өткөрүп, чыгымы эки эсе аз болгонун айтты
Жизнь в селе Ак-Турпак Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жантилла Бердиев 1-декабрда баласын үйлөнткөн. Ал жаңы эреже менен той өткөрүп, чыгымы эки эсе аз болгонун айтты

"Түзүлгөн комиссия келип качан эмне кылуу керектигин айтып турушту. Эл мурдагыдай пакет көтөрбөй тойдун ашын, шорпосун ичип, даамдан ооз тийип эле кетет. 65 жаштан жогорку аксакалдар менен алыстан келген туугандарга гана эт, төрт нан, бир аз таттуу салып бердик. Бир эле мисал, мурда 40 миң сомго таттуу алсак, азыр 15 миң эле болду. Уул үйлөгөндө калыңы менен кошо жалпы 500 миң сомдой керектелсе, мында ошонун жарымы кетти. Ресторанга да аз эле адам чакырып тамак-ашты кыскарттык. Мындай жөрөлгө бизге жакты, Кыргызстан боюнча уланышы керек. Кызыккандар болсо келип биздин тойлорду көрүп кетсин", — деди Бердиев.

Ал эми Сулайман Ысаков 25-ноябрда үч небересин отургузуп, айыл өкмөт койгон шарт менен той өткөргөн. Түшкөн акчанын артканына автоунаа алып айдап жүрөт. Буга чейинки тойлорунун аягы карыз менен бүтчү экен.

Бата берип жаткан апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бата алуунун миң жолу. Сөзсүз эле эл чакырып той бериш керекпи?
"Мындан мурун 7 жолу той өткөргөм. Бирок аягында элден түшкөн акча да чыгымды жаппай, карыз болуп отуруп калаар элем. Кечээги тойдон 420 миң сом ашып калды. Ошко барып 230 миң сомго Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаа сатып алдым. Калганын жазда дыйканчылыкка иштетем деп отурам. Ушул демилгени көтөргөндөргө рахмат. Баарыбызга жакшы болуп жатат. Мындай иш район боюнча биздин айыл өкмөттөн башталды", — деди айыл тургуну.

Ошондой эле ал башында эл эмне дейт, туугандарым таарынып кетпейби деп сарсанаа болгонун айтты. Анткени алыс-жакындан коноктордун баарын бир бодо малдын эти менен эле узатып, кудаларына гана кой сойгон.

"Алыстан келген туугандарга аксакалдар менен кошо кирип "бизде ушундай, эрежени бузсам элден четтеп калам" деп түшүндүрдүм. Баары эле туура кабыл алышты. Мурда 30-35 үйгө коноо берилет эле. Ар бир үйгө бир-экиден кой берчүбүз. Мында 2500 нан кетти, бир өгүз сойдум, эки тараптан келген кудаларыма эки койдун этин тарттым, башка мал союлган жок. Тойдон кийин эки тай, 26 кой өзүмдө калды. Бизде себет берүү деген жаман нерсе бар эле, ошол да жоюлду. Чынында майда-чүйдө нерселери көбөйүп кеткен", — деди Ысаков.

Той өткөрүүгө төмөндөгүдөй эрежелер киргизилген:

— Үйлөнүү тойдо жаштар кортежге эки Sprinter жана бир жеңил унаа менен гана чыксын. Коноо берүү токтотулсун. Кудаларга төрттөн ашык себет тартылбасын.

Эт көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майда, бирок маанилүү! Той өткөрөм дегендердин кулагына күмүш сырга
— Кызга 100 миң сомдон көп калың берилбесин. Кыз тарапка 100 килограмм пахта, 6 коробка таттуу, 800 же 1000 даана нан жана мал-жандыктын саны төрттөн ашпасын;

— Сүннөт тойдо ата-энелерге, бир туугандарына кийит кийгизүү, себет тартуу, коноо берүү, бир туугандардын эмеректерди алып келүүсү чектелсин. Аялдар арасында дасторкон көтөрүү токтотулсун. Жамааттарды чакыруу чектелбейт, ичимдиксиз өткөрүлөт;

— Бешик тойдо жаңы төрөлгөн балага гана сарпай берилип, ата-энелерине кийит кийгизүү жана мал союу токтотулсун;

— Ажы тойдо заяратка барып келген киши менен учурашканы келгенде чепкен, калпак, чарчы (белге байлаган жоолук — ред.) берүү жана нан тартуу, ажыдан келген теспе, жайнамаз жана башка белектерди таратуу токтотулсун.

Айыл өкмөт башчысы дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Алар быйыл жардамга муктаж эки үй-бүлөгө үч бөлмөлүү турак жай салып беришүүдө. Ал тамдар жакын арада толугу менен курулуп бүтөт экен. Ар биринин курулушуна 600 миң сом керектелет. Анын 400 миңи айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнсө, калганына айылдын колунда бар тургундары көмөктөшкөн.

© Фото / Замира АбдраимоваАйылдагылар быйыл жардамга муктаж эки үй-бүлөгө үч бөлмөлүү турак жай салып беришүүдө.
Айылдагылар быйыл жардамга муктаж эки үй-бүлөгө үч бөлмөлүү турак жай салып беришүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Айылдагылар быйыл жардамга муктаж эки үй-бүлөгө үч бөлмөлүү турак жай салып беришүүдө.
© Фото / Замира АбдраимоваАр биринин үйдүн курулушуна 600 миң сом керектелет.
Ар биринин үйдүн курулушуна 600 миң сом керектелет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ар биринин үйдүн курулушуна 600 миң сом керектелет.
1/2
Айылдагылар быйыл жардамга муктаж эки үй-бүлөгө үч бөлмөлүү турак жай салып беришүүдө.
2/2
Ар биринин үйдүн курулушуна 600 миң сом керектелет.

Ак-Турпак айыл өкмөтү дотациядан чыгып өзүн-өзү каржылап баштаганына быйыл 8 жыл болду. Бюджети 23 миллион сомду түзөт. 17 миң калкы бар. Күрүч өстүрүү айылдыктардын негизги жумушу болуп саналат. Мындан сырткары, мал чарба жана багбанчылык менен алектенишет. Алчыбай Төралиев 2005-жылдан бери айыл өкмөттү башкарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0